Судья Воронцова Аида Салянованын  жактоочусун «сабатсыз» деп атады

Каганат

Бишкек шаардык соттук жамааттын төрайымы Ирина Воронцова Аида Салянованын  коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкованы «сабатсыз» деп атады.

 Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Саляновага карата ачылган кылмыш иши  боюнча сот отуруму  жүрүп жатат.  Анда Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова жарыш сөзгө чыккан.  5 мүнөттүк тыныгуудан соң залда отурган прокурорлордун бири жараянга келбей калган. Ал эми Аида Салянованын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова Чынара Жакупбековадан жарыш сөзүн токтотуп турууга чакырып, залда соттук курам толук болушу керектигин айткан.

– Курам толук болуусу керек. Экинчи прокурорду чакыргыла, ал кайда жүрөт?-деп талап койгон.

Ал эми шаардык соттук жамааттын төрайымы Ирина Воронцова жактоочунун мындай аракетти үчүн  «сабатсыз» атап, өз ишин билүүгө чакырды.

Эске салсак, 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы Кылмыш кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Чечимде депутат өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй тургандыгы жазылган.

Ага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда “мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес” деген айып тагылган. Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептейт. Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул ишти “саясий буюртма” деп баалап жүрөт. Ал райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

5 × эки =