Ө. Текебаев дарылануусун №47 түзөтүү абагында улантат

0

Каганат.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан  билдиришкендей, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаев дарылануусун №47 түзөтүү абагында улантат.  

 Маалым болгондой, 31-январь күнү дарыгерлердин кеңешмеси өткөн. Төрт дарыгер аны текшерүүдөн өткөрдү. Алар дайындалган, тактап айтканда абакта колдонулган дарыланууну улантууну сунушташты.

 Маалыматка караганда, буга чейин Ө.Текебаевден, анын жактоочусунан жана депутаттардан дарыгердин текшерүүсүнөн өткөрүү тууралуу арыз түшкөн.

Былтыр 21-ноябрда Жогорку сот Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы “орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган” деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап жүрүшөт.

Он чакты депутат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине Текебаевди кадимки ооруканага которууну өтүнүп, 11-декабрда кайрылуу жиберген. Экс-депутат менен абакта жолугуп чыккан саясатчылар Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын байкаганын билдиришкен.

Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

20 − 15 =