Улуттук госпиталда рентген сүрөттөрүн жылуулук түтүктөрүнө кургатышат

Каганат 

Улуттук госпиталда рентгендин сүрөтүн жылуулук түтүктөрүнө (батареяларга) кургатышат. Бул тууралуу жактоочу Канат Хасанов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Бишкекте рентгенге тартылган сүрөттөрдү мына ушинтип кургатышат. Бул улуттук госпиталь. Таза коом?»,-деп жазат жактоочу  Канат Хасанов.

Аталган маалымат боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тактоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − он эки =