«Мегакомду» сатып алууга жаңы кардар чыгууда

0

Каганат.

«Мегакомду» сатып алууга жаңы кардар чыгууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондусунун маалымат кызматы билдирет.

Андагы маалыматка таянсак «ALF Consulting SA» деген компания «Мегакомдун» 100 пайыз акциясын сатып алуу ниетин билдирген. Бирок, аталган компания тууралуу азырынча так маалымат жок. Ал эми Мамлекеттик мүлк фондусу аталган компания жана анын ишмердүүлүгүн иликтеп маалымат топтоп жатканын айтышат.

-Тышкы иштер министрлигине жана башка тийиштүү мекемелерден маалымат сурап кайрылдык. Азыр биз бул эмне болгон компания экендигин иликтеп жатабыз.

Ушул жылдын башында тактап айтканда 19-январь күнү «Мегаком» компаниясын «Акылдуу шаар” долбоорунун инвесторлорунун бири “Ака минералз энд майнинг” ЖЧКсы “Мегакомду” сатып алууга ниеттенип жатканын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев ММКларга билдирген эле. Ал  ага компаниянын жетекчисинен арыз түшкөнүн да айткан.

-Биз катты “Мегакомго” жөнөтүп койдук. Алар өз кезегинде имаратка чакырышып, компанияны презентация кылды,-деп билдирген эле.

Түлөбердиев 2018-жылдын 2-мартында компаниянын кайрадан баалоонун акыркы күнү аяктарын, ал эми  аталган компаниянын баасы тууралуу азырынча так маалымат жок экенин кошумчалаган

-Кийин “Мегакомду” кайрадан сатуу маселеси чыкса, баа кайрадан коюлат. Баасы өзгөрүлөбү жокбу эч ким билбейт-деген Түлөбердиев.

Эске сала кетсек, “Ака минералз энд майнинг” ЖЧКсы “Акылдуу шаар” долбоорунун инвесторлорунун бири болуп саналат. КР өкмөтү менен кол коюлган келишимге ылайык, компания долбоорго 9 млн доллар салып жана түшкөн кирешенин 15% ээ болот.

Булак: Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

2 × бир =