Мен каршымын! Улукбек Кочкоров: “Элге электр энергиясын 2 сом 16 тыйындан саткан туура эмес”

Каганат.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Улукбек Кочкоров азыркы учурда электр энергиясына болгон бааны көтөрүү саясаттына карама-каршы экенин айтуу менен «бул негизсиз» деп эсептейт.

-Электр энергия 2 сом 16 тыйындан саткан туура эмес. Убагында  биз электр энергиясы жетишпегендиктен коңшу өлкөдөн 5 сом 60 тыйындан сатып алып жатабыз, мындан улам 2 сом 16 тыйын кылбасак болбойт деп айтышып, ушул тарифти киргизишкен.

 Бирок азыр биз коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын 5 сом 60 тыйындан сатып алып жаткан жокбуз да. Тескерисинче  1 сом 85 тыйындан биз  коңшу мамлекеттерге, сыртка сатып жаткандан кийин өзүбүздүн элге 2 сом 16 тыйындан электр энергиясын саткан бул албетте туура эмес-деди Улукбек Кочкоров.

Ошондой эле ал кечээ жакында болгон аварияларга шылтоолоп, өкмөт«биз бааны көтөрөбүз. Бул тариф өзүн-өзү актабайт» деп четин чыгарып жаткандыгын айтып, электр энергиясына бааны көтөрөрдөн мурун ошол тармактагы коррупциялык схеманы жоюу керек деп  эсептерин айтат.

Жалпы энергетика боюнча жылына 7-8 млрд сом уурдалат.  Андыктан биринчи тарифти көтөрүүдөн мурда, ошол  коррупциялык схемаларды жоюу керек. Мен муну өз оюмдан ойлоп чыгарган жокмун. Убагында электр энергиясын 2сом 16 тыйынга көтөрүү маселеси каралганда  биз атайын эсептөө палатасына тапшырма бергенбиз.

Алар баарын эсептеп «ошол жердеги беш- алты уурдоо схемаларын жойсо 7-8млрд сом кошумча каражат тапса болот» деп өз сунуштарын берген. Ошондуктан электр энергиясына тарифти көтөрүүдөн мурда ошол коррупциялык схемаларды толугу менен жоюу керек –деди Улукбек Кочкоров.

Эл өкүлү электр энергия тармагында  тунгуч президентибизден башталган коррупциялык схемалар канча президент алмашпасын азыркыга чейин иштеп келе жаткандыгын айтат.

Тунгуч президентибизден башталган коррупциялык схемалар канча президент алмашпасын азыркыга чейин иштеп келе жатат. Мына ушул жердеги алтын жумуртка тууган тоокту «алтын тууй берсин» деп эч кимдин алмаштыргысы келбей, коррупциялык схемаларды сактап келе жатышат.  

Тарифти көтөрбөй туруп абалдан чыкса болот. Буга атайын эксперттердин эсептөөлөрү бар. Биринчиден  жогоруда айтылган коррупциялык схемаларды жоюу керек. Мына ошондон кийин да жетпей жатса анда элге тарифти көтөрүү баасын сунушташса бул башка кеп-деди Улукбек  Кочкоров

Эске салсак, 2017-жылдын декабрь айында Өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Миргүл Айдарова Өкмөт электр энергияны элге 700 киловатт саатка чейин 77 тыйындан, андан ашырып колдонгондорго 2 сом 16 тыйындан сатууда. Ал эми Өзбекстанга салыкты кошпогондо (ар бир киловатт саатын) 1 сом 85 тыйындан сатууда деп ММКларга билдирген.

Айдарова 2017-жылы өкмөт Өзбекстанга 1 миллиард 289 миллион киловатт электр энергиясын экспорттоосу керек болсо, 9 айдын ичинде 1 миллиард 38 миллионун экспорттоого жетишкенин кошумчалаган. 

-Калган үч айда 251 миллионун экспорттойбуз. Анын ар бир киловатт-сааты салыкты кошпогондо 1 сом 85 тыйындан сатылууда”, – деген ал.

Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы буга чейин Кыргыз Республикасы 2017-жылдын декабрь айынан баштап 2018-жылдын март айына чейин Өзбекстанга келишимдин негизинде 550 миллион киловатт электр энергиясын экспорттой турганын кабарлашкан.

Келишим түзүлгөн. Анын негизинде 4 ай аралыгында 550 миллион киловатт электр энергияны экспорттойбуз. 1 киловатт 2,4 центке бааланып, экспорттун жалпы баасы 13 миллион долларды түзөт. Бул кошумча киреше”, – деп билдиришкен мекемеден. 

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

4 билдирүү

  1. Каныбек 6 Февраль, 2018 at 17:59 Жооп берүү

    Ортомчу энергокомпанияларды жойуш керекта.Ошол уурулуктун бир булагы.Эл.энергияны тузмо туз бериш керек элге.Биз азыр 2.24 тыйындан толоп жатабыз.

  2. Сманова нурила 7 Февраль, 2018 at 02:26 Жооп берүү

    Дуйнодогу оз камын озу ойлогон окмоттордун катарында Кыргызстан турса керек, калкты каржыламак тугул оз карызынан чыга албайт. Эмне учун биз оз жерибизден чыккан, жок дегенде электро энергияны (алтын башка байлыктарды айтпаганда) арзан ала албайбыз?
    Бекер берилуусу туралуу кыялдана да албайбыз. Бардык нерсенин чеги болот ошол чектен ашканда баары кеч болот, анын арты кандай болоору белгисиз))))

  3. Замира Турдукожоевна. 7 Февраль, 2018 at 17:04 Жооп берүү

    Элге электричествону бекер кылса жарашат. Сыртка кымбатыраак сатса болот. Президент айлыкка иштесе, башкалар да коркконунан туурай баштайт.

  4. Гульмира 8 Февраль, 2018 at 02:08 Жооп берүү

    Туура коррупциялык схеманы жоюш керек! Кыргыз элинде айтылган макалда :” балык башынан сасыйт”дегенге кошулам. Шайлоодо “Коррупцияны жоюш керек” деген депутаттар маршруткага түшкөндөн уялып атышса, Өкмөт эмнеден уялат?

Пикир

эки × 3 =