Путин Россия Кыргызстандын карызын кечүү тууралуу мыйзамга кол койду

Каганат.

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы карызга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

РБК басылмасынын кечээ, 5-февралдагы маалыматы боюнча, тараптар карыздарды жоюу боюнча 2017-жылдын июнь айында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин иш сапары учурунда келишкен. Андан кийин бул сунушту Россиянын Мамдумасы колдогон. Ратификацияланган мыйзамдын негизинде Россия Кыргызстандын 240 млн доллар өлчөмүндөгү карызын кечет.

Басылманын билдирүүсүнө таянсак,   карыздын биринчи бөлүгү — 188,9 млн доллар. Андан Россия 2013-жылы баш тарткан. Аны менен Кыргызстандын дагы 300 млн доллар карызы калган. Андан кийин жыл сайын 30 млн доллардык карызды жокко чыгаруу келишилген. 2017-жылдын майында карызды толугу менен жоюу сунушталып, 60 млн доллар гана жоюлган.

«Кыргыз тараптан кайрылуу болду. Биз өнөктөштөрүбүз менен жолугушуп, бүгүнкү күндө 240 млн доллар карызды жокко чыгаруу келишимине кол коюлду», – деди Россиянын финансы министри Антон Силуанов.

Эске салсак, Бишкектин Москва алдындагы карызы 240 миллион долларды түзөт. Келишим күчүнө киргенде, аталган сумма толугу менен чийилет. Бересени жоюу Кыргызстан өнүгүүсүнө расмий колдоо көрсөтүүнүн алкагында ишке ашырылууда.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

20 − эки =