Екатеринбург шаарында Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулат

0

Каганат.

Екатеринбург шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулат. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

 Анда айтылгандай, жазуучунун уулу Аскар Айтматов менен бирге эстеликти орнотуу иштери талкууланат.

Келерки жылы Москва шаарына дагы жазуучунун эстелиги орнотулат. Бул эки өлкө ортосунда макулдашылган. Айкелди жасоого маданият, маалымат жана туризм министрлиги 28 миллион сом сарптайт.

Кыргызстанда быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейи белгиленет.

Түркияда да быйыл Чыңгыз Айтматовдун жылы белгиленүүдө. Жакында Алма-Ата шаарындагы көчөлөрдүн бирине жазуучунун ысмы берилди.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

9 + 12 =