Мамлекетке кайдыгер карагандар! Кытайлыктардын кызыкчылыгын коргогон депутаттар кимдер? (тизме)

Каганат.

Коңшу өлкөлөр 349 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп жатканда кыргыз бийлиги 386 миллион долларга ЖЭБдин 30 гана пайызын жаңыладык. Толук жаңылоого дагы 600 миллион доллар керек деп уялбай ооз көптүрүп отурат.

Башаты эле күмөндү башталган бул долбоорду бийлик 356 миллион долларга (30 миллион долларга аз) бүтүрөбүз деген мамлекеттик компанияны эмес TBEA жеке компаниясын тандап алган.

Ал гана эмес кыргыз өкмөтү мыйзам чегинен чыгып эч кандай тендерсиз  эле долбоорду ТВЕА компаниясына карматып койгон. Бирок, бул боюнча тийешелүү органдар мыйзам чегинде текшерүү жасап, күнөөлүүлөрдү жоопко тарткан деп эч ким айта албайт.

Ал эми 2013-жылы 11-декабрь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз өкмөтү ТВЕА компаниясы 386 миллион долларга бул ишти аткарат деген мыйзамды Жогорку Кеӊеш талаш-тартыш менен кабыл алган.

Эң өкүнүчтүүсү 120 депутаттын ичинен 7 гана депутат бул долбоорду ТВЕА компаниясы 386 миллион долларга бүтүрбөйт деп каршы добуш берген.

Анын ичинен «Ата Журт» фракциясынын 5 депутат, «Ата Мекен» фракциясынын 1 депутат жана «Республика» фракциясынан бир депутат мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору койгон деп айтсак жаңылышпайбыз. Алар:

  1. Абдиев КурмантайАбдиевич «Ата Журт» фракциясы
  2. Абдырахманов Өмүрбек Абдырахманович  «Ата Мекен» фракциясы
  3. Абдылдаев Мыктыбек «Ата Журт» фракциясы
  4. Бокоев КенжебекСатымкулович «Республика» фракциясы
  5. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич «Ата Журт» фракциясы
  6. Мурзабеков Кантемир «Ата Журт» фракциясы
  7. Шаршеев Бакыт «Ата Журт» фракциясы.

Ал эми бүгүн долбоорду ТВЕА  компаниясына тапшырууга каршы болуп,  ЖЭБди  жаӊылоо боюнча  ТВЕА  техникалык-экономикалык негиздеме бере электе келишимди ратификациялап жатабыз деп жакшы эле эл көзүнө кыйкырып чыккан Кожобек Рыспаев бул «жарнама» болчу дегендей добуш берүүгө келгенде кыргыз элинин эмес кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргогон.

 Ал гана эмес бүгүн канчалык  актанышпасын 2013-жылы 11-декабрда 120 депутаттын 90ну мамлекеттин эмес жеке компаниянын кызыкчылыгын коргоп кеткени чындык.

2010-жылы Жогорку Кеңештин босогосун  «Ата-Журт»  фракциясында — 28 мандат, КСДП фракциясында – 26 мандат, «Ар-Намыс» фракциясында – 24 мандат,  «Республика» фракциясында – 23 мандат, ал эми «Ата-Мекен» -19 мандат  менен аттаган.

Тилекке каршы 28- депутаты бар «Ата Журт» фракциясынын 5 депутаты өлкө кызыкчылыгы үчүн жан үрөсө, 11 депутаты ТВЕА  компаниясынын кызыкчылыгы үчүн макул деп добуш берген. Ал эми 2 депутаты камакта экенин эске алсак, 10 депутаты мамлекеттик маанилүү маселеге кайдыгер караган.

Төмөндө «Ата Журт» фракциясынын МАКУЛ деп добуш берген өлкө кызыкчылыгынан да өзгөлөрдүн кызыкчылыгын жогору койгон эл өкүлдөрү.

 1 Айдаров Нургазы «Ата Журт» фракциясы

2. Арапбаев Азамат «Ата Журт» фракциясы 

3. Бакиров Өмүрбек «Ата Журт» фракциясы

4. Кадырбекова Майрамкан «Ата Журт» фракциясы

5. Коркмазов Хаджимурат «Ата Журт» фракциясы

6. Кочкорбаев Абдимуталип  «Ата Журт» фракциясы

7. Кудайбергенов Жаныш «Ата Журт» фракциясы

8. Молдобаев Нарынбек «Ата Журт» фракциясы

9. Султанов Марат «Ата Журт» фракциясы

10. Суракматов Азиз «Ата Журт» фракциясы

11. Чолпонбаев Улан «Ата Журт» фракциясы

Шайлоодо 23 мандатка ээ болгон «Республика» фракциясынын жалгыз гана депутаты өлкө кызыкчылыгын ойлосо, 19 депутатын Кыргызстандын тагдыры «кызыктырган» эмес. Ал эми 2 депутаты «кайдыгерлик» менен ооруп жыйынга катышкан эмес.

Төмөндө «Республика» фракциясынын МАКУЛ деп добуш берген өлкө кызыкчылыгынан да өзгөлөрдүн кызыкчылыгын жогору койгон эл өкүлдөрү.

1. Акназарова Роза “Республика” фракциясы

2. Алимбеков Нурбек «Республика» фракциясы

3.Аманбаева Урмат «Республика» фракциясы

4. Арипов Назарали «Республика» фракциясы

5. Бакиров Мирлан «Республика» фракциясы

6. Бекматов Абдыжапар «Республика» фракциясы

7. Жумалиева Эльмира «Республика» фракциясы

8. Дыйканбаев Курманбек «Республика» фракциясы

9. Исаев Канатбек «Республика» фракциясы

10. Обдунов Элмурат «Республика» фракциясы

11. Мурашев Нурбек «Республика» фракциясы

12. Осмонов Малик «Республика» фракциясы

13. Режавалиев Абдулатип «Республика» фракциясы

14. Сабиров Максат «Республика»

15. Сулайманов Алтынбек «Республика» фракциясы

16. Султанбекова Чолпон «Республика» фракциясы

17. Шайназаров Тынчтык «Республика» фракциясы

18. ЭшимовАкылбек «Республика» фракциясы

19. Төрөбаева Бакыт «Республика» фракциясы

19 мандат менен парламенттин астанасын аттаган «Ата-Мекен» фракциясынын көзгө басар жалгыз депуаты ТВЕА компаниясын теңине албай каршы чыкса, «Ата Мекендин» лидери баш болуп 16 депутаты макул деп добуш берип, 2 эл өкүлү жыйынга катышкан эмес.

Төмөндө «Ата Мекен» фракциясынын МАКУЛ деп добуш берген өлкө кызыкчылыгынан да өзгөлөрдүн кызыкчылыгын жогору койгон эл өкүлдөрү.

1. Алымбеков Эркин «Ата Мекен» фракциясы 

2. Балтабаев Ташболот «Ата Мекен» фракциясы

3. Досалиев Акуналы «Ата Мекен» фракциясы 

4. Калмаматов Бактыбек «Ата Мекен» фракциясы

5. Мадылбеков Туратбек «Ата Мекен» фракциясы

6. Маматалиев Абдырахман «Ар Намыс» фракциясы

7. МаматовАбдимуктар «Ата Мекен» фракциясы

8. Никитенко Наталья «Ата Мекен» фракциясы

9. Нышанов Сайдулла «Ата Мекен» фракциясы

10. Садырбаева Гуласал «Ата Мекен» фракциясы

11. Самаков Карганбек «Ата Мекен» фракциясы

12. Сапарбаев Жоомарт «Ата Мекен» фракциясы

13. Сасыкбаева Асия «Ата Мекен» фракциясы

14. Текебаев Өмүрбек «Ата Мекен» фракциясынын лидери

15.  Төлөгөнөва Райкан «Ата Мекен» фракциясы

16. Болот Шернияз «Ата Мекен» фракциясы 

Ал эми 24 мандат менен үчүнчү болуп Жогорку Кеңештке келген «Ар-Намыс» фракциясынын бир дагы эл өкүлү өлкө кызыкчылыгы үчүн күйгөн эмес. Бирок 5 депутаты жыйынга катышпай, «Ар Намыстын» темир генералы Кулов баш болгон 19 депутаты өлкө кызыкчылыгын тепсеп өткөн.

Төмөндө «Ар Намыс» фракциясынын МАКУЛ деп добуш берген өлкө кызыкчылыгынан да өзгөлөрдүн кызыкчылыгын жогору койгон эл өкүлдөрү.

  1. Артыков Анвар «Ар Намыс» фракциясы

     2. Бадыкеева Нуржан «Ар Намыс» фракциясы

     3.Турсунбай Бакир уулу «Ар Намыс» фракциясы

     4. Бекбоев Замир «Ар Намыс» фракциясы 

     5. Бекешев Дастан «Ар Намыс» фракциясы 

    6. Жетигенов Бакыт «Ар Намыс» фракциясы 

    7. Иманалиев Каныбек «Ар Намыс» фракциясы

     8. Исаков Эсенгул «Ар Намыс» фракциясы 

     9. Кочкарова Эристина «Ар Намыс» фракциясы  

    10. Кулов Феликс «Ар Намыс» фракциясынын лидери 

    11. Левина Татьяна «Ар Намыс» фракциясы 

    12. МадалиевНуркамил «Ар Намыс» фракциясы 

     13. Өмүрбеков Курманбек«Ар Намыс» фракциясы 

    14. Маматов Бактыгүл «Ар Намыс» фракциясы 

    15.  Тиленчиева Майрамкүл «Ар Намыс» фракциясы 

    16. Туманов Кубанычбек «Ар Намыс» фракциясы 

     17. Узакбаев Талантбек «Ар Намыс» фракциясы

    18. Гусаров Игорь «Ар Намыс» фракциясы

  1. Калматов Анарбек «Ар Намыс» фракциясы

Ал эми бийликтин «көрөр көзү »КСДП фракциясынын 26 депутатынан бир дагы үн чыгарбай 25 депутаты колдоп, бир эл өкүлү маселе талкууланып жатканда каршы сүйлөмүш болгону менен добуш берүүгө келгенде «качып» кетүүгө үлгүргөн.

Төмөндө «КСДП» фракциясынын МАКУЛ деп добуш берген өлкө кызыкчылыгынан да өзгөлөрдүн кызыкчылыгын жогору койгон эл өкүлдөрү.

1. Алымбеков Замирбек КСДП фракциясы

2. Домшенко Олег КСДП фракциясы 

3. ЖамгырчиеваГүлнара КСДП фракциясы 

4. ЖоошбековЗаирбек КСДП фракциясы

5. Жээнбеков Асилбек КСДП фракциясы

6. Зулпукаров Төрөбай КСДП фракциясы

7. ИзмалковаАлла КСДП фракциясы

8. ИманкожоеваЭркингүл КСДП фракциясы

9. Исаев Жусупали КСДП фракциясы

10. Исаков Исмаил КСДП фракциясы

11. Кадыров Бахтияр КСДП фракциясы

12. Карамушкина Ирина КСДП фракциясы

13. КутушевАбдыманап  КСДП фракциясы

14. МадеминовМурадыл КСДП

15. Ниязалиева Дамира КСДП фракциясы

16. Орозбаев Мамат КСДП фракциясы

17. Орозова Карамат КСДП фракциясы

18. Рыспаев Кожобек КСДП фракциясы

19. Сакебаева Эркин КСДП фракциясы

20. Салимов Турсунтай КСДП фракциясы

21. Салымбеков Мамытбай КСДП фракциясы

22. Скрипкина Галина КСДП фракциясы

23. Турсунбеков Чыныбай КСДП фракциясы

24. Султанов Акылбек КСДП фракциясы

25. Туманов Токтогул КСДП фракциясы 

Тарых барактарында жазылган нерсе эч убакта эскирбейт дешет. Ошондой эле тарыхты бурмалоого да, өчүрүгө да мүмкүн эмес. “Мени эл шайлаган”, “Мен Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойм” деген эл өкүлдөрү Кыргызстандын эмес, кытайдын бир жеке компаниясынын кызыкчылыгын коргогонун бүгүн кантип жокко чыгарабыз.

120 депутаттын 7 депутат гана өлкө үчүн күйүп бышса, 21 депутат кыргызстандын кызыкчылыгын коргогондон коркуп добуш берүүгө катышкан эмес. Ал эми 90 депутат келечек муундун эртеңин, кытайдан алынган карыздын барымтасы кылып берди. Бүгүнкү алынган карыздар эртең урпактарга мураска калып жатканы эч кимге жашыруун эмес. 

Ал гана эмес азыр Жогорку Кеңеште өзүн суудан таза, сүттөн ак көргөзгөсү келген КСДПнын депутаты  Осмонбек Артыкбаев ошол мезгилде  энергетика жана өнөр жай министри болчу. Ал убагында жан алы калбай Кытай компаниясына ушул ишти тендерсиз тапшырып, ТВЕА’нын кызыкчылыгын коргогон. Ал гана эмес Артыкбаев айрым депутаттар сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузулуп жатканын, насыя алынгандан кийин тендер жарыяланып, жеӊген компания ЖЭБди жаӊылашы керектигин айтып чыккан чыкканда, “насыянын шарты ушундай, биз аны аткарууга милдеттүүбүз” – деп ооз көптүргөн.

Кытайлыктардын  бир эс алдыруусуна сатылган эл өкүлдөрү  

 Убагында  бир катар массалык маалымат каражаттары компаниянын эсебинен Кытайга барып келген ондон ашык депутат алардын кызыкчылыктарын өзгөчө коргогонун жазып чыгышкан.

Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев  да  «Ал маалда мен Салык кызматын жетектеп турганым. Ошондо айрым депутаттарды “Макаого баргыча компаниянын иши менен таанышсаңар болмок” деп урушкам. Алар болсо “эс алып келдик”  деген деп өкмөт менен кошо парламенттин да жоопкерчилигин эске салып, ЖЭБди жаңылоо боюнча келишим каралаарда TBEA компаниясы 30 депутатты Кытайга эс алдырып келгенин да жашырбайт.

​- Келишим түзүп, долбоорду бекитип жатканда депутаттарды эки жолу экиге бөлүп Кытайга эс алдырып келишкен. Менин билишим боюнча кытайлар “компаниянын иши менен тааныштырабыз” деп алып барган. Бирок депутаттар Макао деген эс алуучу жерге барышкан-дейт эл өкүлү.

2013-жылы бир катар маасалык маалымат каражаттары ТВЕА компаниясынын «кадырлуу коноктору» болуп эс алып келген эл өкүлдөрү деп Чыныбай Турсунбеков, Мурадыл Мадеминов, Токтогул Туманов, Малик Осмонов, Абдулатип Режавалиев, Карганбек Самаков, Райкан Төлөгөнов, Азамат Арапбаев, Абдимуталип Кочкорбаев, Бактыгул Маматовдун ысымдарын жазып чыгышкан.

Жогоруда аты аталган депутаттардын бардыгы ТВЕА менен кызматташуу үчүн добуштарын беришкен. Ал эми компаниянын эсебинен Кытайга барып эс алып чардап келди делген Равшан Жээнбеков менен Исхак Пирматов добуш берүү күнү жыйынга келбей койгон.

Эске салсак, кыргыз бийлиги «Бишкек ЖЭБны жаңылоого 30 миллион доллар кетет» деген эксперттердин эсебине карабай Кытайдан 386 миллион доллар карыз алып ТЭЦти оңдошкон. Ошол эле учурда көз карандысыз эксперттер «350 миллион долларга Бишкектин ТЭЦиндей жаңы ТЭЦ салып алууга болот» деп билдиришкен. Бийлик Бишкек ТЭЦин модернизациялоо бүтөрү менен казак көмүрүнөн баш тартып, кыргыз көмүрлөрүн жага баштайбыз, атамекендик өндүрүштү колдойбуз жана электрэнергиясы арзандайт деп убада кылган өкмөт азырынча убадасынын өтөсүнө чыгууга эмес жаздын келишин күн санап күтүүдө.

Булак: Каганат.

 

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 1 =