Атамбаев айткандай өкмөт башчылыкка «Альфа Телекомду” сатууга шыктуулар келбей жатабы?

0

Каганат.

Швейцариялык ALF Consulting SA компаниясынын каржы директору Мари Гамерданжеден “Альфа Телеком” жоопкерчилиги чектелген коомунун 100% акциясын сатып алууга кызыкдар экенин билдирген кайрылуу келген. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирет.

Аталган мекеме компаниянын арызы «Альфа Телеком» ишканасынын кароосуна жибергенин маалымдайт.

Эске салсак, 2015-жылы “Альфа Телеком” алгачкы жолу  сатыкка чыгарылган. Атайын  мобилдик оператордун баасын бычууга компания жалданып, наркы 19,7 миллиард сом деп аныкталган.

  Бирок, кардар чыкпай койгонуна байланыштуу  өкмөт уюлдук ишкананын баасын  экинчи жолу сатыкка чыгарганда 14 млрд 255 млн сомго чейин  (4,5 миллиард сомго) төмөндөткөн. Бул жолу да сатып алууну каалагандар чыккан эмес.

Ал эми 2017-жылы март айында аукцион жарыяланып, анда компания 13, 5 млрд сомго бааланган. Бирок уюлдук компаниянын багы  үчүнчү жолу ачылбай, “Альфа Телеком” аа жолдо калды.

Ал эми ошол мезгилдеги  президент  Алмазбек Атамбаев  “Альфа Телекомду” эртелеп сатууну тапшырып, ал гана эмес Мүлк фондунун ишин сынга алган:

– Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул компанияны сатуу боюнча өз деңгээлинде иш жүргүзбөй жатат. Бир жетекчини экинчисине алмаштырдык. Эч кандай жыйынтык жок, жаңы жетекчи да уктап жатат. Премьерликке  “Мегакомду” сатууга жөндөмдүү  адамды алып келүү керек деп ойлойм. Бизге жолдорду салууга каражат керек-деген Атамбаев.

Андан бери Маммүлк фондунда эки жетекчи алмашты. Бирок компания дале сатыла элек. Балким Атамбаев айткандай өкмөт башчылыкка «Альфа Телекомду” сатууга шыгы бар адам келбей жаткан чыгаар. 

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

12 − он =