ЖКда ЖЭБиндеги аварияны иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өттү

Каганат.

Бүгүн, 7-февралда 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын жумушчу тобунун жыйыны өттү.

Жумушчу топтун жыйынында аталган маселени териштирүү боюнча уюштуруу маселелери каралды.

Эске салсак, 2018-жылдын 31-январында Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон авария тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматы угулган. Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин талкуулоонун жыйынтыгында авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясы түзүлгөн.

Убактылуу депутаттык комиссиянын курамына Жогорку Кенештин депутаттары Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева, Улан Примов, Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбетаалы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов, Исхак Масалиев, Мыктыбек Абдылдаев, Сайдулла Нышанов кирген.

Бөлүшүү:

Пикир

он эки + 8 =