Каганат.

-Беттин терисин калыбына келтирип, өңүн жакшыртуу үчүн 3 чай кашык быштак менен 1 чай кашык балдын аралашмасын маска катары пайдалансаңыз болот. 15-20 мүнөттөн соң бетиңизди кант салынбаган жылуу чай менен сүртүп коюңуз. Бул масканы косметикалык каражат катары гана пайдаланбастан, эртең мененки тамак ордуна колдонуп, арыктасаңыз да болот.

-Экинчи ээктен арылуу үчүн колдоруңуздун сырты менен (сол кол менен оңдон солду карай, оң кол менен солдон оңду карай) ээгиңизди ургулап массаж жасоо пайдалуу.

-Чач жасалгалоодо курамына спирт кирген гель менен лактардан баш тартканыңыз оң. Ал эми күнүгө эки жолу башыңызга жасалган 15 мүнөттүк массажды адатка айландырып алууңуз зарыл. Бул, чач түптөрүн бекемдөөгө жардам кылат.

-Азыктандыруучу кремдерди күнүгө пайдалана берүү териге терс таасир тийгизет. Тери өз алдынча “дем алып”, табигый түрдө май бөлүп чыгарып турушу үчүн аны крем сүйкөбөй байма-бай эс алдырып туруш керек.

-Терини картайтпоо үчүн таруу бышырылган суу менен жуунуу пайдалуу. Бир нече ирет кайталанган мындай процедура беттеги бырыштарды кетирүүгө жардам берет.

-Бийик така менен көчөгө чыгарда бутуңуз чарчап калбоосу үчүн 3 -жана 4 -манжаңызды пластырь менен ороп алсаңыз болот.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт + он сегиз =