Бүгүн  Кореянын Пхёнчхан шаарында Олимпиада оюндары башталды

0

Каганат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Олимпиада оюндары башталган Түштүк Кореянын Пхёнчхан аймагында Кыргызстандын мамлекеттик желеги көтөрүлдү.  

Маалым болгондой, иш-чарага Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.

 Кореянын Пхёнчхан шаарында бүгүн, 8-февраль күнү 23-кышкы Олимпиада оюндарынын алкагында таймаш башталат. Ал эми, кыргызстандыктар 13-февралдан тарта жарышка түшөт.

  Таймаш 18 күнгө созулуп, спорттун 7 түрү боюнча 102 топтом медаль ойнотулат. Кышкы олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан эки спортчу — тоо лыжачы Евгений Тимофеев жана лыжачы Тариэл Жаркымбаев жөнөп кеткен.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт − он төрт =