Кышкы каникулдардан улам мектептерде жазгы эс алуулар кыскартылат

Каганат.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей,  кышкы чукул каникулдардан улам мектептерде жазгы эс алуулар кыскартылат.

Маалым болгондой,  беш күндүк окуу жумасы менен мектептерде март бою ишембиде дагы сабактар болот.

Балдар жазгы эс алууга 21-марттан 30-мартка чейин чыгат.

Ал эми алты күндүк окуу жумасы менен мектептерде кошумча сааттар  26-майдан 30-майга чейин киргизилет.

Бул балдар үчүн жазгы каникулдар   26-марттан 30-мартка чейин созулат.

Эске салсак,  январь айынын аяк жагында катуу сууктан  улам окуучулар 26-январдан 3-февралга чейин сабактардан бошотулган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 + 13 =