Резиденциядагы конок үйлөр үчүн айна-самын сатып алууга 1 млн 600 000 сом сарпталабы?

0

Каганат.

Мамлекет  резиденциядагы конок үйлөр үчүн  айна-самын сатып алууга жалпысынан 1 млн 600 000 сом коротууга даяр. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуу порталында жарыяланды.

Ал эми  №1 мамлекеттик резиденцияга 2300 таңгак даарат кагазын сатып алуу үчүн казынадан 58 400 сом сарпталат. Талапка ылайык кагаз жумшак, эки кат жана сүрөтү жок ак түстө болуш зарыл.

Мындай сатып алуулардан Бишкек шаар бийлиги да четте калган эмес. Мамлекеттик сатып алуу порталына жарыяланган маалыматка таянсак 100 дана кол саат үчүн Бишкек мэриясы 700 000 сом сарптаганга даяр.

Шаар бийлигинин талабы боюнча  80 эркектин жан 20 аялдын кол сааты дат баспаган сапаттуу металдан жасалып, ортосуна Бишкек шаарынын эмблемасы чапталышы зарыл. Ал эми сааттын куру куру кайыштан, чекеси алтын жалатылышы абзел.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 2 =