Президент Башкы прокуратура жана УКМК өз ишин натыйжалуу аткара албай жатканын сынга алды

Каганат.

Өлкөнүн башкы көзөмөл органы өз ишин натыйжалуу аткара албай жатат. Мындай пикирин өлкө башчы  Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Сооронбай Жээнбеков айтымында Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор болуп саналарын, бирок азыркы учурда бул милдетин натыйжалуу аткара албай жатат. Өлкө башчысы коррупцияны алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, ведомстволук гана кызыкчылктар корголуп жатканын кошумчалады.

– Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр көп. 2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзүп, анын 8% боюнча гана кылмыш иш козголгон. Козголгон иштердин 50% гана сотко өткөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6% боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмү чыккан, анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган-деди өлкө башчысы.

Ошондой эле өлкө башчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишин да кескин сынга алып, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү үчүн түзүлгөн баса белгиледи.

-УКМК акыркы 2 жылда эки миңден ашык кылмыш ишин козгоп, алардын 29 пайызы гана сотко жиберген. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы эки жылда 485 иш козгоп, анын ичинен 118 иш гана сотко жиберилген. Сотко жиберилген 118 иштин  37си боюнча гана сот өкүмү чыккан. Ал эми  2017-жылы кызматтык кылмыштарга каршы болгону 22 пара алуу фактысы аныкталган-деди өлкө башчысы

Эске салсак, бүгүн 8-февралда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында бардык күч түзүмдөрүнүн жасаган иштерине анализ жасап, кайсы орган кандай аракеттерди көрүп жатканы боюнча өз пикирин билдирүүдө.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 − жети =