Сооронбай Жээнбеков: «Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары баалайм»

Каганат.

«Тилекке каршы, коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат»  билдирди бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент  Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы өз сөзүндө коррупция менен күрөшүүгө саясий эрки жетерин да баса белгилеп, коррупцияга каршы күрөшө турган мамлекеттик прокуратура, сот, күч жана коопсуздук органдары өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жаткандыгын айтып, бул боюнча ага кайрылуулар келип жатканын  кошумчалады.

-Мага чоң кылмыштар ачылбай, майда кылмыштарга гана көңүл бурулуп, бийликтин жогорку эшелондорунда тургандар кол тийбес болуп калды -деген кайрылуулар келип жатат.

Өлкө башчысы  коррупция менен күрөшүү – өзгөчө маанилүү маселе экенин, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш – мамлекеттүүлүгүбүздү, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн сактап калууга тете экенин айтты. Президент өз сөзүндө коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары бааларын да жашырган жок.

Президент экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды иликтей турган финансы полициясы 2016-2017-жылдары 3807 кылмыш иш козгогонун, бирок алардын 23% гана сотко өткөнүн белгиледи. 

Ошондой эле  ички иштер органдары тарабынан өткөн эки жылда 65 миң кылмыш иш козголгонун, анын 30% гана сотко өткөнүн, ал эси сотко жиберилген иштердин 44% боюнча айыпталуучулар кылмыш жообунан бошотулганын айтты.

Эске салсак, бүгүн, 8-февралда өлкөдөгү укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларына арналган Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

бир + он беш =