Тажик чек арачылары Лейлек районундагы көпүрөөнү тосуп, чек арачылардын санын көбөйткөн

Каганат.

Бүгүн 8-февраль күнү Тажикстан кыргыз-тажик чек арасын убактылуу жаапты. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирет.

Андагы маалыматка таянсак, “Кулунду-автодорожный” жана “Кайрагас-автодрожный” өткөрмө пунктары унааларды, жөө жарандарды жана жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салынды. Бул өткөрмө пунктар эл аралык жол каттамы болгондуктан өзгөчө стратегиялык мааниге ээ.

Ал эми коңшу тажик чек арачылары Лейлек районунун Сай аймагына өтүүчү дарыядагы көпүрөөнү да убактылуу тосуп, ал жердеги чек арачылардын санын көбөйткөн.

«Сада конушуну тургундары дал ушул көпүрө аркылуу Сай аймагындагы мектепке катташчу. Бүгүнкү коңшулардын чек арачыларынын иш аракеттери окуучулардын каттоосун да кыйындаткан деп айтылат»- маалыматта.

Азыркы учурда  Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын чек арачылары менен жолугушуу уюштуруп, чек ара тилкесиндеги абалды турукташтуруу жана бир тараптуу тосмолорду ачуу боюнча сүйлөшүүнү башташкан. Азыркы учурда эки тараптын эмне чечимге келгени белгисиз, бирок, чек арадагы кырдаал тынч экенин билдирет, – чек ара кызматынын маалымат бөлүмү.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

7 − 5 =