Жээнбеков: “Элди коргой турчу кызматкерлер мыйзамсыз иштерге аралашканы үчүн өздөрүнө жан сакчы жалдап алышууда

Каганат.

Бүгүн 8-февралда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Жыйынга  президент  өзү катышып, бардык күч түзүмдөрүнүн жасаган иштерине анализ жасап, кайсы орган кандай аракеттерди көрүп жатканы боюнча өз пикирин билдирүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө башчысы Казинолордун иштөөсүнө өлкөдө тыюу салынганына карабай Бишкек менен Ош шаарларында казинолор көмүскө түрдө дагы деле иштеп жатканын айтып, бул боюнча «экономикалык кылыштуулукка каршы кызматы иштеш керек эле» деп кошумчалады.

Ошондой эле Жээнбеков укук коргоо органдарынын жан сакчы менен жүргөнүн сынга алды.

-Элди коргой турчу кызматкерлер өздөрү да мыйзамсыз иштерге аралашканы үчүн өздөрүнө жан сакчы жандап алышууда-деди өлкө башчысы.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

он алты − үч =