Алтын Эркебаева: “Бектурдун өз алдынча басууга дарманы келбей калыптыр. Доктурлар глюкоза менен укол жасап жатышат.”

Каганат.

Бектурдун өз алдынча басууга дарманы келбей калыптыр. Доктурлар глюкоза менен укол жасап жатышат. Мындай пикирин саясатчынын жубайы Алтын Эркебаева билдирди.

Анын айтымында 10-февралда абакта ачкачылык кармап жаткандар жубайлары менен жолуккан. Саясатчынын жубайы көп убакыттан бери кезиккенге тийешелүү органдар уруксат бербегенин айтып, жолугушууда  үй-бүлө боюнча сүйлөшкөнгө гана үлгүргөнүн айтат.

-Жогорку Кенеш көңүл бурабы деп үмүт кылып турушат. Бирок, , бийлик тарабынан эч бир кабар жок –деди Алтын Эркебаева

Бүгүн Бектур Асановдун ачкачылык жарялаганына 14 күн Эрнест Карыбеков-13 күн, Кубанычбек Кадыров- 12 күн болот.

Ал эми бүгүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф «ачкачылык кармагандардын бири – Кубанычбек Кадыров – суу жана чай иче баштады. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баарынын абалы канааттандырарлык» деп билдирди.

Эске салсак, “УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин” жана “соттор адилет чечим чыгарсын” деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан тартып “кургак ачкачылык” кармай баштаган. Ошондон кийин үчөө тең УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №47 колонияга которулган.

 

Бектур Асановдун “Же Сегизбаев кетет, же биз үчөөбүз өлөбүз” деген жабык соттогу анын айткандары жазылган аудиону жакындары жана “Саясий туткундарды коргоо комитети” бейөкмөт уюму интернет желелерине жарыялаган.

Ал эми 5-февраль күнү  оппозициячылардын туугандары, тарапкерлери жана айрым активисттер  №47 колониянын алдына чыгып, алардын абалы начарлап кеткенин билдиришип, саясатчыларды ачкачылыкты токтотууга чакырышкан.

 Эске салсак,  2016-жылдын  12-мартында УКМКнын тергөө башкармалыгы бийликти күчкө салып басып алууга даярдоо фактысы боюнча топтолгон материалдардын негизинде

К.Кадыровго, Б.Асановго жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 27- жана 295-беренелерине ылайык кылмыш ишин козгогон.

24-мартта Кадыров менен Асанов УКМКга жеткирилген жана тергөө иштерин жүргүзгөндөн кийин, көрсөтүлгөн адамдар КР Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин тартибинде шектелүүчү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 21-мартта интернетте Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев менен Бектур Асановдун бийликти басып алуу боюнча сүйлөшкөн делген видеосу тараган. Анда алар бийликти басып алуунун жолдорун жана акчаны бөлүштүрүүнү талкуулашкан. Бирок оппозиция өкүлдөрү аталган видео монтаж экенин билдиришкен.

26-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 27- жана 295-беренелерине ылайык айыптоо көрсөтүлүп, кармалгандар 2 ай камакка алынуусу жөнүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Ал эми  Биринчи Май райондук соту ишти 7-майда караган. “Сот иши жабык түрүндө өтүп, эч ким киргизилген эмес. Жыйынтыгында  Биринчи май райондук соту былтыр 17-

апрелде  “бийликти күч менен басып алууга умтулган ” деген негизде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.

2016-жылдын жазынан бери камакта отурган айыпталуучулар  райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга даттанышкан.  Алардын арызын Бишкек шаардык соту териштирип жатат. Бирок соттолуучулар жана алардын жакындары, айрым активисттер жараян “калыс өтпөй жатат” деп айтып келишет.

Ал эми  24-январда болуп, ишти караган судья Адис Момуналиев УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси Максат Эсенбаевди сотко чакыруу жөнүндө айыпталып жаткандардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

“Кургак ачкачылык” – нааразылык билдирген адамдын тамак-аштан гана эмес, суудан жана суусундуктардан да баш тартышы

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 2 =