Апасы катуу сабап, комада жаткан Бексултан көз жумду

Каганат.

Апасы тарабынан катуу сабалып  комада жаткан 2 жаш 8 айлык Бексултан кечээ, 11-февралда кечки саат 21:00 чамасында көз жумду. Дарыгерлер баланын өлүмүнө оор абалда жаракат алганы себеп болгонун айтышты.

Ош облустук балдар ооруканасынын маалыматы боюнча, наристенин мээси толук кан жетпей, шишип кеткен. Дарыгерлер болгон аракетин көрүшкөнү менен Бексултандын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон жок.  

Ал эми өзүнүн уулун депкир менен оор абалга жеткиче сабаган келин 2 айга камакка алынган болчу. Учурда жакындары барбаганын байланыштуу Бексултандын денеси ооруканадан алына элек.

Эске салсак, 3-февраль күнү катуу сабалган 2 жаш 8 айлык Бексултан ооруканага оор абалда  жеткирилген. Ошондон бери жандандыруу бөлүмүндө комада жаткан болчу.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

14 + 5 =