Бишкекте “Тазалыктын” кызматкерин унаа сүзүп кетип, ал каза болду

Каганат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкекте “Тазалыктын” кызматкерин унаа сүзүп, ал ооруканага жетпей көз жумду.

 Маалым болгондой,  бүгүн 12-февралда  Байтик баатыр Түштүк магистраль кесилишинде көчөнү шыпырып жаткан 60 жаштагы аялды Honda унаасы сүзүп кеткен.

Алган жарааттарынан ал ооруканага бара жатканда көз жумду. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак:Каганат 

Бөлүшүү:

Пикир

1 × 1 =