Депутаттар аба -ырайын алдын ала айткандарга айып пул салабы?

Каганат.

Эл өкүлдөрү аба ырайын божомолдоп алдын ала айткандарга мыйзам боюнча тыюу салууну көздөөдө.

Тактап айтканда бүгүн, Мирлан Бакиров, Камчыбек Жолдошбаев, Абдумажит Юсуров  Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында  аба ырайы боюнча божомол айткандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун сунушташты.

Жогорудагы үч депутат аркылуу сунушталган мыйзам долбоорун Кыргызгидрометтин жетекчисинин орун басары Ырыскелди Асанкожоев да колдоорун билдирди.

-Биз бул сунушту колдойбуз. Көп учурда кээ бир жарандар божомолдоп аба-ырайын туура эмес айтышып, мындан улам түшүнбөстүктөр көп болууда-деди Асанкожоев.

Ал эми Асылбек Жээнбеков бул маселенин ишке ашышы кыйын экенин айтып,  бир жылдары “зима не будет” деп айтып коюп,  эл ага ишенип алганын мисал кылуу менен, «мындай учурда көзү ачык дегендерди да тыюуга туура келет»,- деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер- Жогорку Кеңештин депутаттары А.Юсуров, М.Бакиров, К.Жолдошбаев.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоевдин айтымында, мыйзам долбоору гидерометеорологиялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү жарандар жана жооптуу кызмат адамдары тарабынан мыйзам талаптары бузулса администрациялык жоопкерчилик белгилөө максатында иштелип чыккан.

Тагыраак айтканда,

– гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүнү түзүүнүн эрежелерин жана талаптарын, айлана-чөйрөнүн абалына жана анын булганышына байкоолорду жүргүзүүнү жана керектөөчүлөргө гидрометеорологиялык маалыматты, айлана-чөйрөнүн абалын жана анын булганышы жөнүндө маалыматты чогултуу, иштетүү, талдоо, сактоо жана берүү боюнча иштерди бузса;

– шашылышы маалыматтарды, авариялык кырдаалдар жөнүндө, айлана-чөйрөнүн зыяндуу заттар жана калдыктар менен булганышынын табылган очоктору жөнүндө кабарларды бурмаласа, кечиктирсе же жеткирбесе жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнөн 3кө чейинки, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнөн 10дон 20га чейинки администрациялык айыппул салуу каралган.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

15 − 13 =