КСДПнын курултайы апрель айында өтөт

0

Каганат.

КСДПнын курултайы апрель айында өтөт. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.

 Маалым болгондой, КСДП партиясынын курултайын өткөрүү убактысы дагы жылдырылды.  Партиянын курултайы качан өтө турганын так белгилене элек. Болжол менен апрель айында өтөт. Эмне маселе талкуулана турганы боюнча партиясынын саясий кеңеши чечкенден кийин белгилүү болот.

   Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү аякташы менен КСДПнын төрагалыгына кайткан. Устав боюнча партияны башкаруу мөөнөтү коюлган эмес. Бирок ошентсе да өтө турчу курултайдын күн тартибинде Атамбаевдин төрагалыгы каралат.

Белгилей кетсек, Социал демократтар партиясынын курултайы январь айынын аягында болоору айтылып, кийин февралга жылдырылганы кабарланган эле.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 4 =