Зиядин Жамалдинов: “Салык кызматынын башчысын кызматтан бошотуу керек”

Каганат.

Бүгүн,  Зиядин Жамалдинов 2017-жылдын жыйынтыгында бюджеттик салык төгүмдөрүн пландалгандан кем чогултканы үчүн салыктык тармактык комитеттин чечиминде Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимовду кызматтан бошотуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында Октябрь Абдыкаимов бул тармакка жаңы дайындалган эмес. Ал бул тармакта мурдатан эле иштеп келген.

-Бажы кызматынын башчысы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы жакында эле дайындалган. Ал эми Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимов мурдатан эле жетекчинин орун басары болуп иштеп келген, – дейт ал.

Эске салсак, бүгүн Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде  Ошондой эле ал  2017-жылдын жыйынтыгында өлкө бюджетине 59 млрд 954 млн сом түшкөнн бул план боюнча алганда 1 млрд 622 млн сомго кем чогултулганын кошумчалаган.

 -Өткөн жылдын салыктык 97,4 пайызга аткарылды.  Ноябрь айында чек арада соодага чектөө коюлгандыктан, унаа менен жүк ташуу 44 пайызга чейин кыскарган. Мисалы, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген импорттон 1 млрд 953 млн сом кем алынды. 5 булактан салык аз түшсө, киреше салыгынан да 806 млн сом аз чогултулду-деди Октябрь Абдыкаимов

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

10 − 2 =