17 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык аял Орусияда колго түштү

Каганат.

Орусиянын Ички иштер министрлигине караштуу аймактык транспорттук башкармалыгынан билдиришкендей, баңгизаты менен алектенип, 17 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык аял Орусияда колго түштү.  

Маалым болгондой, 3-февралда Орусия ИИМнин Жаңы Уренгой башкармалыгына издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны жөнүндө маалымат түшкөн. Ал ири көлөмдөгү баңгизатын сатып жүргөндүгү үчүн 17 жылдан бери федералдык издөөдө болгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги ал жаранга кылмыш ишин ачкан.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, 58 жаштагы кыргызстандык аял Череповец шаарында Санкт-Петербург-Новый Уренгой багыты боюнча поездге билет алган.

11-февралда Новый Уренгой станциясына келген жеринен кармалган.

Ал көп убакыттан бери туугандарынын үйүндө жашынып жүргөн. Орусия ИИМи кармалган жаранды жакынкы убакытта мекенине жиберет.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 5 =

Редактордун тандоосу