Абактагы саясатчылардын жакындары депутаттарга кайрылуу жасайт

Каганат.

Эртең, 14-февраль күнү №47 түрмөдө ачкачылык кармап отурган саясатчылардын жакындары туугандары Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чыгып эл өкүлдөрүнө кайрылуу жасашат. Бул тууралуу Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева билдирди.

Анын айтымында “кургак ачкачылыкты” кармагандардын эки апта мурда баштаган депутаттарга жолдонгон ачык кат жоопсуз турат. Абактагы ачкачылык кармап жаткан үч саясатчынын жакындары алардын жагдайына Жогорку Кеңеш көңүл бурбай жатат деп тынчсызданышууда.

Бүгүн Бектур Асановдун ачкачылык жарялаганына 15 күн Эрнест Карыбеков-14 күн, Кубанычбек Кадыров- 13 күн болот.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф «ачкачылык кармагандардын бири – Кубанычбек Кадыров – суу жана чай иче баштады. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баарынын абалы канааттандырарлык» деп массалык маалымат каражаттарына билдирди.

“УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин” жана “соттор адилет чечим чыгарсын” деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан тартып “кургак ачкачылык” кармай баштаган. Ошондон кийин үчөө тең УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №47 колонияга которулган.

 Бектур Асановдун “Же Сегизбаев кетет, же биз үчөөбүз өлөбүз” деген жабык соттогу анын айткандары жазылган аудиону жакындары жана “Саясий туткундарды коргоо комитети” бейөкмөт уюму интернет желелерине жарыялаган.

Ал эми 5-февраль күнү  оппозициячылардын туугандары, тарапкерлери жана айрым активисттер  №47 колониянын алдына чыгып, алардын абалы начарлап кеткенин билдиришип, саясатчыларды ачкачылыкты токтотууга чакырышкан.

 Эске салсак,  2016-жылдын  12-мартында УКМКнын тергөө башкармалыгы бийликти күчкө салып басып алууга даярдоо фактысы боюнча топтолгон материалдардын негизинде

К.Кадыровго, Б.Асановго жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 27- жана 295-беренелерине ылайык кылмыш ишин козгогон.

24-мартта Кадыров менен Асанов УКМКга жеткирилген жана тергөө иштерин жүргүзгөндөн кийин, көрсөтүлгөн адамдар КР Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин тартибинде шектелүүчү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 21-мартта интернетте Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев менен Бектур Асановдун бийликти басып алуу боюнча сүйлөшкөн делген видеосу тараган. Анда алар бийликти басып алуунун жолдорун жана акчаны бөлүштүрүүнү талкуулашкан. Бирок оппозиция өкүлдөрү аталган видео монтаж экенин билдиришкен.

26-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 27- жана 295-беренелерине ылайык айыптоо көрсөтүлүп, кармалгандар 2 ай камакка алынуусу жөнүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Ал эми  Биринчи Май райондук соту ишти 7-майда караган. “Сот иши жабык түрүндө өтүп, эч ким киргизилген эмес. Жыйынтыгында  Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде  “бийликти күч менен басып алууга умтулган ” деген негизде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.

2016-жылдын жазынан бери камакта отурган айыпталуучулар  райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга даттанышкан.  Алардын арызын Бишкек шаардык соту териштирип жатат. Бирок соттолуучулар жана алардын жакындары, айрым активисттер жараян “калыс өтпөй жатат” деп айтып келишет.

Ал эми  24-январда болуп, ишти караган судья Адис Момуналиев УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси Максат Эсенбаевди сотко чакыруу жөнүндө айыпталып жаткандардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

“Кургак ачкачылык” – нааразылык билдирген адамдын тамак-аштан гана эмес, суудан жана суусундуктардан да баш тартышы

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

5 − эки =