Мугалимдерди сүзүп кеткен милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

Каганат.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, эки мугалим каза болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.  

Маалым болгондой,  айдоочу тергөө маалына камакка алынды.

Эске салсак, авария Кербенде 10-февралда болду. Рулду милиционер башкарып бара жатканы аныкталды. Ал башка унаа менен кагылышуудан качам деп, жөө кетип бара жаткан 4 мугалимди сүзүп алган. Эки аял ошол жерден жан берсе, экөө ар кандай жарааттары менен ооруканага жеткирилди.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 3 =