Мыйзамсыз мандарин ташыган унаа кармалды

Каганат.

Бажы кызматынан билдиришкендей,  “Түштүк” ыкчам бажысынын кызматкерлери ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз 3 тоннага чукул мандарин ташыган унааны кармашты.

Маалым болгондой, 12-февралда, Баткен-Ош жолунда А.Б.Т. аттуу жаран башкарган Кыргызстандын мамлекеттик номер белгиси менен “Мерседес – Бенц Спринтер 311” автотранспорттук каражат токтотулуп, текшерилген.

Автонунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда анда бажы көзөмөлүнөн тышкары ЕАЭБтин аймагына бажыга тийиштүү документтери жок Тажикистандан ташып келе жаткан 2912 кг мандарин табылган.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар Ош облустук прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

11 − 8 =