Сапар Исаков Баткен облусуна иш сапар менен барат

0

Каганат.

Өкмөттун басма сөз кызматы билдиргендей  бүгүн, 13-февралда премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусуна жумушчу сапары менен барат.  

Жумушчу сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышат, анда 2017-жылдын иш жыйынтыгы чыгарылмакчы.

Исаков мындан тышары, Кадамжай районундагы Орозбеков айыл округундагы орто мектептин ачылышына катышат.

Ошондой эле, Кадамжай шаарында зилзаладан жабыркагандар үчүн курулуп жаткан көп батирлүү турак-жайдын курулушу менен таанышат.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

беш × бир =