Айымдарга алты кеңеш

0

Каганат.

Тамактанып бүтөөр замат ваннага тушүүгө болбойт. Көлгө же ваннага тамактануудан 2саат мурда же 2 саат кийин түшүү керек.

Териси өтө майлуу адамдар ваннага тушкөндө этин щётка же атайын жуунуу үчүн чыгарылган мээлейлер менен сүртсө жакшы болот. Ал эми өтө кургак терилүү адамдар этин жуугандан кийин алаканын өсүмдүк же олив майы менен майлап алып,терисине сүртүү пайдалуу.

Колу-буту куш эттуу адамдар денесин аш тузунун эритмесине малынган щётка же атайын мээлей менен сүртүү керек.

Териси өтө кургак адамдар ваннага же мончого түшөөр алдында бети-колуна майлуу бетмай,башына ачыган коюу айран сүйкөп алса жуунуу учурунда теринин тешиктери жакшы ачылып,пайдалуу заттар жакшы сиңет.

Масканы койгондон кийин көздү жумуп, 10-15 мүнөтчө бетти кыймылсыз кармап тынч жатат ( баштын алдына атайын жаздыкча коюп алган туура ) андан соң жүздү жылуу суу менен жууп,кийин жалпы жуунуга өтөт.

Алма бетти агартып,жашартат. Аны азыраак сүттө бышырып,бетке жылуулай жабат, 20 мүнөттөн кийин бетти муздак суу менен жууп коёт.

 

Бөлүшүү:

Пикир

4 × үч =