Бишкек ЖЭБиндеги авариянын болжолдуу себеби айтылды

Каганат.

Ведомство аралык комиссия Бишкек ЖЭБиндеги авариянын болжолдуу себебин атады. Бул тууралуу  өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.    

Белгилүү болгондой, жылуулук-энерго борбордун жетекчилигинин жана персоналдын ишинде ири бузуулар орун алып, алардын аба-ырайынын -30 градуска чейин төмөндөшүнө даяр эмес экени аныкталды.

Ошондой эле химиялык суунун көлөмү 1,5 эсе көбөйтүлүп, кийин ал  үчүнчү блокту ишке киргизүү үчүн жетпей калган.

2018-жылдын 26-январында Бишкек шаардык ЖЭБдеги жылуулук энергетикалык жабдуунун ишинде бузулуулар орун алганда буу казандары сууга толтурулган 3-блоктун ишке киргизилбегендигинин себеби болуп химиялык тузсуздандырылган суунун жетишсиз көлөмү эсептелген. Ал эми кийинки күндөрү суунун көлөмү казан толтурууга жетишсиз болгон, ал үчүн 240 тонна керектелген.  Үчүнчү блок 2018-жылдын 30-январында ишке киргизилген, Бишкек шаардык ЖЭБинин ишинин нормалдуу режими 2018-жылдын 2-февралында калыбына келтирилген.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 5 =