Бишкекте лифти оңдоп жаткан эки жарандын бири кулап кетип каза болду

Каганат.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Айтматов проспекти жана Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги кабаттуу үйлөрдүн лифтин оңдоп жаткан эки адам кулап кетип, бирөө каза болду.  

 Маалым болгондой,  факт боюнча комиссия түзүлүп, адистер окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча лифт оңдогон кызматкерлер техникалык эрежелерди бузган деп болжолдонууда.

Бишкек шаардык Тез жардам кызматынан кабарлашкандай, жаракат алган адам ооруканага жеткирилди.

Булак:Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

7 + он жети =