Чолпонбек Абыкеев: “26 жылдан бери кыргыздан “Улуттук лидер”- деген атка татыктуу саясатчы же ишмер чыкканын көрө элекмин”

  Каганат.         

Руханий кризис же  коомду карангылыкка  тарткан факторлор

                                     (биринчи макала)

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк адамзаат техникалык жактан караганда аз жыл ичинде эбегейсиз ачылыштарды жаратып укмуштуудай ылдамдык менен астыга кетсе да экинчи жагынан өтө оор руханий кризиске кабылды.  Илимий техниканын өсүүсү улам ылдамдоодо. Ошол эле маалда адамдын руханий жан дүйнөсүндөгү жашоо алдыга эмес артка кеткенин байкоого болот. Глобализация, илимий техникалык өсүш батыш менен чыгыштын, түндүк менен түштүктүн маданиятын чалмакей чалып аралаштырып жиберди. Назар салып байкаган адамга дүйнөлүк адамзаат кайра жаралуу дейбизби, дүйнөлүк адамзаатык маданият дейбизби. кандайдыр бир өткөөл доорго келип такалдык.

Бул өткөөл мезгилден руханий жактан туура жолун тапкандар гана жеңил өтүп кетпесе улуттардын жок болуп, мамлекеттер кыйрашы да күтүлүүдө. Мындайда мамлекеттүүлүгү али толук күчүнө кирбеген, экономикалык жактан чабал биздин Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр эки-үч эселеген кооптуу кырдаалга кабылат. Ошондуктан биз өз өлкөбүздөгү руханий абалды ар тараптуу терең изилдеп багытуу иш алпарбасак сыртыбыздан мамлекет катары өнүгүп бараткандай түз берсек да ичтен ирип кыйрай берип акырында сырткы кабыгы бар ичи бүт чириген жангакка окшоп калышыбыз толук мүмкүн. Руханий кризис бул өтө коркунучтуу кризис. Андан чыгуунун жолдору да татаал.

  Ишти эмнеден баштоо керек? Биринчи кезекте коомду руханий карангылыкка тарткан факторлорду таап, себептерин аныктап, “оорудан” айыктыруу чарасын көрүү туура болоор беле дейм. Коомдун руханий жактан өспөй калуусуна ал түгүл астыга эмес артка кетүүсүнө бир нече факторлордун таасири тийет. Мен алардын башына ММК коет элем. Себеби таптакыр билимсиз карангы адамдан баштап, академик окумуштууга чейин көзүн ачкандагы кыймылын жашаган коому, болбой калганда аба ырайы тууралуу маалымат алуу менен баштайт. Ошондуктан сөздү ММК тууралуу баштап жатабыз.

                        Массалык маалымат каражаттарындагы кризис

Кийинки жылдарда кыргыз  массалык маалымат каражаттарына жарык көргөн ойтолгоолор, көз караштар ( Журналисттиканын тили менен макалалар дегенге татыктуу болбогондуктан антип атасак туура болбой калчуудай) эки гана багытта болуп калганын байкоого болот. Биринчиси опсуз мактап жактоого алгандар,  экинчиси эч кандай аргумент, фактыга таянбай каршылашын каралап жамандагандар. Эки тарап тең учурдагы бир ууч саясатчылардын айланасында “жандооч” болуп айланып жүрүшөт. Ошондо улут, мамлекет, коом жөнүндө жазгандар кайда кетишти? Бүгүнкү жашообузду ар тараптан терең изилдеп жакшы жаман жактарын көрсөтүп себебин ачып жазган аналитикалык  макалалар кайда?

Кандай гана публицистикалык макала болбосун  негизинен төмөнкү кызыкчылыктарды көздөп  айтылса өз ордун табат. Биринчи – улуттук. Экинчи- мамлекеттик. Үчүнчү- коомдук.

   Улуттук кызыкчылык. Улуттун нарк насилинин жок болуп баратышы. Тилдин проблемалары. Улуттун илимий жетишкендиктери же артта калышы. Руханий жактан жабыр тартышы сыяктуу көптөгөн факторлорду камтыйт.

   Мамлекеттик кызыкчылык. Мамлекетин мамлекеттүлүгүн бекемдөөнүн проблемалары. Мамлекеттин экономикалык абалы. Мамлекеттин коңшу мамлекеттер менен болгон саясый алакасындагы кызыкчылыктар. Мамлекетитин чек ара бүтүндүгүнүн сакталышы сыяктуу факторлорду камтыйт.

 Коомдук кызыкчылык. Мамлекеттеги коомдук ички өнүгүш. Демократиялык көз караштардын калыптанышы. Адамдардын укуктары, мыйзамдардын туура сакталышы сыяктуу факторлорду камтыйт.

Эми бүгүнкү турмушубуздагы масалык маалымат каражаттарына байма бай жарык көргөн ой толгоо көз караштарга  көз жүгүртөлү. Дээрлик баардыгы жогорку биз кеп кылган кызыкчылыктардын  үчүнчүсү болгон коомдук кызыкчылыктын ичинде болуп жаткандай түз бергени менен анын талаптарына деле толук жооп бергидейин табуу кыйын.

Бүгүнкү ММК жарык көргөн ой толгоо пикирлер жеке адамдардын, тагы саясатчылардын дарегине арналып калганын байкайбыз. Эки жакка бөлүнүп алышып бирин бири кайта кайта жамандап же мактай бергендиктен андай аргументсиз  ойлорго  эч кимдин деле кызыкпай окугусу келбей калууда. Мындан эң башкысы окурмандардын табити өлүп ММК баркы эбегейсиз төмөн түшүүдө. Кыргызстандай чакан мамлекетте саясатчылардын саны деле чакталуу болоору түшүнүктүү да. 50 жетпеген саясатчылар тууралуу ондогон жылдар бою бир жагы мактап бир жагы жамандап жаса берсе эмне болот?

 Бул макала менен эч кимдин деле ар намысына шек келтиргим келбейт. Ошондой болсо да акыркы жылдарда жазмакерлер (Журналисттер деп атоого ооз барбай турат) жеке адамдарга, топторго жалданмачылыкка өтүп алышкандарын иш жүзүндө ачык далилдешип коюшууда. Жалданма жазмакерлерлин калеминин кесепети жалпы кыргыз журналистикасына терс таасирин тийгизип ММК болгон ишеним дээрлик жоголуп кадыр барктарынан айрылышты. Жазылган ой пикирлерде айрым жеке адамдардын же топтордун кызыкчылыктарынын айланасынеда гана кайта кайта тажатма кеп болгондуктан улуттук, мамлекеттик, жалпы коомдук кызыкчылыктар унута калганы аз келгенсип ММК үзбөй окуган окурмандар да жок болуп баратат. Мындайда коомду алдыга интеллектуалдуулукка, маданиятка сүйрөгөн ММК жөнүндө сөз да кылы албайсың.

Бери дегенде кийинки он жылдыктын ичинде “Баланча журналист баланча ММК баланчадай макала жазыптыр. Окудуңбу?”- деп коомдо талкууга түшүп сөз болгон макала тууралуу уга элекмин.

Экономика, коомдун оң терси, улуттук кызыкчылыктыктагы курч ойлор тууралуу терең аналитика жүргүзүп жазылган макалалар кайсыл бир ММК чыкты бекен? Балким мен окубай калгандырмын. Ким ошондой макала болсо сунуш кыла алат?

Биз бүгүн жамандап, атын да уккубуз келбеген коммунисттик доордо мамлекеттик жетекчиликте көп жылдар турган Л.И. Брежнев аттуу абышканын “Журналисттер коомдун – кулагы- көзү- тили”- деген учкул сөзү бар эле. Бул сөздү Брежнев абышка өзү айттыбы же анын атынан акыл кошчулары айттыбы кандай болгон күндө да таамай айтылган сөз болчу.

Эгер ММКтары жана андагы иштеген журналиттер өз кесибине жоопкерчилик менен мамиле жасап абийири менен иштесе  чын эле коомдун көзү- кулагы- тили боло алат. Бугүнкү ММК иштеп жаткан жазмакерлердин бары болбосо да көбү коомдун жалданма ушакчысы- эки жүздүүсү калпычысы- алдамчы акмагы болуп калганын ачык эле айтканыбыз туура болоор.

Артка кылчаайып Кыргыз журналистикасынын тарыхына кичине көз чаптыралы. Бүгүнкү чыгаан окумуштуу, академик, Абдыганы Эркебаев учурунда журалистик чыгармачылыгы менен аты чыккан. Студент кезиндеги жазган “Очерк майда жанр эмес”- деген макаласы коомчулукта эле эмес илимий чөйрөдө да дүнгүрөп сөз болуп  студенттер бул макала боюнча курстук, дипломдук иштерди жазышкан. Биз студент кезибизде бул макаланы китепканадан атайы барып таап окуучубуз.

Белгилүү журналист, профессор окутуучу Абдламит Матисаков агайыңардын “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй”, “Ак журтчу аман- журт аман” сыяктуу макалаларын окуганда окурмандар тамшанып, ал макалалар чыккан гезиттер сатыкта калбай калып китепканалардан издеп окушкан.

Жазуучу, публицист Кален Сыдыкованын “Тилим-дилим” “ Профессор Аттокуров же манкурттукка каршы күрөш” сыяктуу макалалары чыкканда коомчулук дүркүрөп Календи ошол кездеги бийликтин башында тургандар өзүнө чакырып “калемиңди кичине жумшарт”- деп суранганын уканбыз. Бул насталгия эмес. Турмушта болгон чындык. Мен  атайлап бүгүн көздөрү тирүү арабызда жүргөн каламгерлер жөнүндө сөз кылуудамын.

Мындай 20 менен 35 жаштын ортосунда бүт кыргыздын учу кыйрына

аттары угулган, мыкты макалалапрды жазышкан замандаштарым ондоп саналат. Б.Сутенова, К.Раматов, Э.Нурушев, раматылыгы болгур А.Токтомушев сыяктуу чыгаан журналисттердин ар биринин өмүрү изилдеп жазууга татый турган легенда. Ушундай чыгаандар бир учурда кыргыз журналистикасын бийиктикке көтөрүп, окурмандарды табитин өзгөртүп, ММКнын баркын арттырыгандыктан адамдардын көчөдө баратканыбы, автобуста отурганыбы, колдорунан гезит, журнал же китеп көрөр элек. Ушулардай чыгаан журналисттердин эмгегинин аркасы менен окурмандардын, коомдун маданий интеллектуалдык денгээли өскөн.

Кийинки эле 2000-2005 – жылдардагы ЖК депутаттарынын жыйынынан түз алып берүүлөрдү эстегилечи. Жыйын учурунда дээрлик бардык депутаттардын астында гезит, журналдар жатканын көрчүбүз. Бүгүн мындай көрүнүштөр жокко эсе.

“Азыр телефонундагы же компьтердеги интернеттен окуп алышат”- дешкендер чыгаар. Тилекке каршы интернеттен деле мен жогоруда сөз кылган талаптарга жооп бергидей маанилүү макала окуй элекмин. Жакында коңшулаш казак туугандардын бир азилчисинин телефон чукуган бүгүнкү адамдарды маймылга салыштырган акскиясын интернеттен көрүп “Туптуура тааптыр”- деп күлдүм.

Бүгүнкү ММК кеңири жайылган бирин бири жерден алып көргө уруп жамандап, каралоодогу (Сын деп айтууга болбойт) колдонулган ыкмалар да чектен чыгып кетти. Мананият, этика деген такыр унтулду.

Журналист кимдир бирөнү сынга аларда же мактаарда жогорудагы биз кеп кылган кайсыл бир кызыкчылыктын  негизине таянуусу керек. Улуттук, мамлекеттк же коомдук кызыкчылыктан туруп карап эгер каарманы ушул үч кызыкчылыктын кайсыл биринин талабына туура келсе гана жазса болот.

Тилекке каршы бүгүнкү жазмакерлердин ичинде сындагандар  да мактагандар да жеке турмушуна, өңү түсүнө, төшөгүнө чейин кирип кетишчүү болду. Кайсыл бир жарандын жеке турмушу же Кудай жараткан өңү түзү улуттук, мамлекеттик, коомдук кызыкчылыкка эбегейсиз таасир берип жибере алабы?

Бүгүнкү жазмакерле окурмандарды олуттуу көз караштарга үндөп, маданияттуулукка тарбиялап  жогору сүйрөп коомдун  астында болбой тескерисинче  артка тарткан, билимсиздиктин, маданиятсыздыктын сазына батырган каскакка айланды.

Сөзүм куру болбосун мисал келтирейин. Өткөн жылдын этегинде Чубак ажы Жалилов дегендин тегерегинде интернетте, ММК эбегейсиз чуу көтөргөн талкуу болду. Көрсө ал ажы экинчи аял ала койгон экен. Куурагыр ушундай тепкиге кабылды кыргызча айтканда “Өлбөгөн төрт шыйрагы калды” көрүнөт. Мейли эми “Экинчи аял алдым”- дептир. Мыйзамды бузуптур. Бирок ушунча талкууга түшө турган маселеби? Улутка, Мамлекетке, Коомдун өзгөрүп кетишине (Демократия жок болуп, диктатура орноп деген сыяктуу) бир ажынын экинчи аял ала коюшу анан аны кайра танып алган эмесмин деши таасир береби? Терең ойлоно келсек муну менен бүгүнкү биздин коом ошол “Эки аял алыш керек же албаш керек”- дегенди гана талкуулаганга дарамети жетээрин көрсөтүп койду.

    Тукумуң өскүр Чубак ажы талоонго түшөөрдөн бир айча мурда мен интернетке (биртоп сайттарга чыккан) “Кыргыз тили жок болуу коркунучунда” – деген көлөмдүү макала жазгам. Аны “Кыргыз тили” гезити да баскан. Кыргыз тили жок болуу коркунучунда экенин он негизге таяп далилдегем. Эч кандай деле талкууга түшкөн жок. Болгону Прездентке караштуу тил комиссиясынан чалып “Туура проблеманы козгогонсуз”- дешип ыраазычылык билгизип коюшту.  Ошого деле “Тобо”- деп койдум. Эмне айткым келет. Бүгүнкү коом үчүн кыргыз тилинин демек улуттун жок болуу коркунучуна караганда бир ажынын эки аял алганы маанилүү.

   Коомдун терең мазмуундагы проблемалуу публицистикаларды окуганга ойжоруу билим денгээлдери жетпей калды. Ошондуктан ага убакыт короткулары деле келишпейт. Андан көрө “Баланча эки катын алыптыр түкүнчө ойношу менен кармалыптыр”- дегенди окуп талкуулаган кызыктуу болуп калды. Себеби мээңди кычытып ойлонбойсуң, билимдин да кереги жок.  Интернетке биртоп макалаларды жазып жүрөм. Дээрлик талкууга деле түшпөйт. Бир жолу кыздарым менен чогуу түшкөн сүрөтүмдү жарыялап койдум. (Чынында менин сайтыма кызым жарыялады) Миңдегендер талкуулап ой айтып, “нравится”. “поделиться” басканына эсебим деле жетпей калды. Ошондо таң калгам. “Менин кыздарым менен түшкөн сүрөтүмдү улуттук, мамлекеттик, коомдук кызыкчылыктын кайсыл биринен туруп кароого болобу? Бул сүрөт менин үй бүлөмө эле эстелик катары кичинекей таасир бербесе коомго эч деле тиешеси жок да”- деп.

   Бүгүнкү жазмакерлердин көбүндө жазуунун маданий этикасы деген түшүнүк такыр эле жок болсо керек. Болбосо окурмандарга өз ой пикирин жазып сунуштап жатканда ойлонушу керек да. Жазганына жоопкерчилик деген дайыма көңүлүндө турушу керек. Ойдон чыгарылган, болбогон  калптар менен бирөнү мактап же жамандап жатканда ал адамдын тагдыры, айлана чөйрөсү, коомдогу алган орду жөнүндөгү жоопкерчиликти мойнуна алып жатышканын түшүнүшпөйт да билишпейт да окшойт. Ал эми түшүнүгү жеткен адамдар андай чала кайым ой пикирди окуганда жазган адамдын билим денгээлинин кандай экенин билет. Демек жазмакер жазган каарманына кошуп өзүн мактап же жамандап дарамет денгээлин көрсөтүп жатканын эсинен чыгарбашы керек.

    Мисалга, кийинки учурда айрым саясатчылар тууралуу “Улуттук лидер” – деп кайта кайта жазгандар көбөйдү же бир анысы жок дегенде айылдык лидер болсо экен. Эгемендикке жеткен 26 жылдан бери кыргыздардан “Улуттук лидер”- деген атка татыктуу саясатчы же ишмер чыкканын көрө элекмин. Кыргызстандан башканы кой Грузиядан качып Украинага барган Саакашвилинин денгээлине жеткен элдик лидерлер чыга элек.  Украиндер Саакашвилини эки жолу камактан бошотуп алышты. Аны колдоп жүз миңдеген адамдар көчөгө чыкты. Кыргызстанда бир гана факты бар. А. Бекназаровду коргоп Аксы районунун жарым эли көтөрүлүп камактан бошотуп алышкан.

    Тигилер кайта кайта “Улуттук лидер”- деп жазгандарды чындап  колдоп 500 адам чыкканын деле көрбөдүм. Ошентип жазгандан жалданган жазмакер да уялбайт жаздырып атканы да уялбайт. Жок дегенде биринде уяты болсо “Кой антип шылдыңдагансып ашык жазба. Чыныгы лидер болсом эл мени ушул жерге бир күн жаткырып коет беле”- деп айтмак да.

     Массалык маалымат каражатарындагы оор киризис коомдун руханый жактан  карангылыктын сазына батышына себеп болгон факторлордун башында турууда. Жазмакерлердин руханий жоопкерчилигин күчөтүү чарасын көрбөсөк бул кризиске тереңдеп бата берээрибиз турган иш.

                                                                 (уландысы бар)

 

Чолпонбек Абыкеев жазуучу, коомдук ишмер.

Булак: Каганат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

беш × беш =