Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

0

Каганат.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдап, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун тиешелүү Жарлыгы менен тааныштырды.

КР Президентинин Аппаратынын биринчи орун басары М. Абулгазиев Курманбек Дыйканбаевдин иш тажырыйбасынан учкай маалымат берип, Жогорку Кеңеш менен жемиштүү иштешет деген үмүтүн билдирди.

Эске салсак, Курманбек Дыйканбаев V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты (“Республика” фракциясынан) болгон.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 − 3 =