Милиция кызматкери баңги зат менен кармалды

Каганат.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, баңги зат жайылтып жүргөн милиция кызматкери кармалды.  

Маалым болгондой, маңзаттын ири партиясын сатуу аракети үстүндө Ленин районунун атайын күзөт бөлүм башчысы, милициянын улук лейтенанты колго түшүрүлдү.

Ал 2 айга СИЗОго камалды.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × төрт =