Митингдер парады: Камактагы саясатчылардын жакындары жана “Трансформация” кыймылы митингге чыгышты

Каганат.

Бүгүн, 14-февралда абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын тарапташтары Ак Үйдүн алдына митингге чыгышты.

  Митингге чыккандар “Саясий куугунтукту уюштуруп, саясатчыларды мыйзамсыз камап жаткан Абдил Сегизбаевдин  отставкага кетишин  талап кылышууда. 

Белгилей кетсек, оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта  бүгүнкү күнгө чейин абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Ал эми алардын жактоочулары Бектур Асановдун абалы оорлошуп кеткенин айткан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Элдик парламенттин” мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.

Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.

2016-жылдын март айында “Элдик парламенттин” бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров “бийликти басып алууну пландоодо” деген негизде камакка алынган.

Ал эми ушул эле күнү   Ак Үйдүн алдына “Трансформация” кыймылы митингге чыгышты. Митингге чыккандар  Чүй облусундагы 20 миңге жакын үй курулган жерлерди трансформациялоо.

Аталган кыймылдын жетекчиси Бекназар Айталиев бул маселе 2009-жылдан бери чечилбей жатканын айтууда.   

 Белгилей кетсек, буга чейин дагы   “Трансформация” кыймылы 24-январда Ак Үйдүн, өкмөттүн алдына митингге чыгышкан. Аларды Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин аппаратынын башчысы Тилек Мусаев кабыл алып, маселе карала турганын айткан.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

5 × үч =