Орусиядагы учак кырсыгынын болжолдуу себеби айтылды

Каганат.

Россиядагы учак кулашынын болжолдуу себеби аталды. Москвадан алыс эмес жерде Ан-148 учагынын кырсыкка кабылышына датчиктер тоңуп калып, ылдамдыкты туура эмес көрсөтүлүшү себеп болушу мүмкүн экени айтылды.

Эл аралык авиация комитетинин өкүлдөрү учактын “кара кутуларындагы” маалымат чечмеленмейинче ушундай тыянакка келишти.

Эске салсак, Жекшембиде Ан-148 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак Москванын «Домодедово» аэропортунан Орск шаарын көздөй учуп чыккандан көп өтпөй кулап, ичиндеги 71 киши каза болду. Учак “Саратов аба жолдору” компаниясына таандык.

Маалыматтарга ылайык, учакта 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

11 + 8 =