Пхенчханда аба-ырайы тоскоолдук жаратууда

0

Каганат.

Пхенчханда аба-ырайы дагы бир нече мелдештерди үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Каттуу шамалдан улам бүгүнкү кыз-келиндердин слалом жана биатлон боюнча мелдештери 16-февралга жылдырылды.

Анын ортосунда, аба-ырайы турнирге гана эмес, конокторго дагы таасир этүүдө.

Оюндардын уюштуруучулары туристтерди каттуу шамалда коопсуз жерлерде болууну суранууда.

Бороон жеңил конструкцияларды учуруп кетүүдө.

Олимпиада багына куткаруучулар келип, чукул жардам берүү үчүн нөөмөт алып барууда.

Белгилей кетсек, Түштүк  Кореяда 23-Кышкы Олимпиадада оюндары 9-февралда башталган. Бүгүн Кышкы Олимпиадада оюндарырн 6-күнү.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

эки × эки =