Россия президентин шайлоо күнү Кыргызстанда 6 шайлоо участогу ачылат

Каганат.

Россия президентин шайлоо күнү Кыргызстанда 6 шайлоо участогу ачылат.  Маалымдалгандай,  добуш берүү үчүн түйүндөр Бишкек, Кант, Каракол, Ош, Кара-Балта жана Чолпон-Ата шаарларында орун алат.

Аларга Россиянын жарандары барып, шайлоого катыша алмакчы. Ал эми кандайдыр бир олуттуу себептер менен тилкеге келе албагандар үчүн, аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул үчүн тиешелүү арыз жазып коюу керек.

Эске салсак, Россияда президенттик шайлоолор ушул жылдын 18-мартында өтөт.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 − 3 =