Ысык-Көлдө 300 метрден аз аралыкка чоң-чоң курулуштарга тыюу салуу жөнүндө мыйзам каралды

Каганат.

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында “Экологиялык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) 2-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Сабиров М.Э., Турускулов Ж.К., Жамангулов А.Ж., Бакиров М.И., Чолпонбаев У.С.

Аталган маселе боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Акматов баяндама жасады.

Демилгечи депутат Максат Сабиров совет мезгилинде 500 метр деген ченем так сакталып, бир топ эс алуу жайлары курулгандыгын, андан кийинки түзөтүүдөгү 100 метр деген ченем менен көлдүн экологиясына зыян келтире турган ар кандай курулуштар курулуп кеткендигин тизмектеп берди. Ошондуктан, сунушталган мыйзам долбоору менен Ысык-Көл көлүнөн 300 метрден аз аралыкка капиталдык курулушка тыюу салуу жөнүндө ченем киргизилүүдө. Долбоордо ишканаларды, курулмаларды, көчүрмө каражаттарды жана башка объекттерди пландоодо, долбоорлоодо, бекитүүдө, жайгаштырууда, курууда, кайра курууда аракетке киргизүүдө, пайдаланууда же жоюуда, экологиялык кооптуу продукцияларды экспорттоодо, импорттоодо экологиялык талаптар бузулса айыппул салуу каралууда.

Талкууда долбоор буга чейинки курулуп калгандарга тиешеси жоктугу белгилүү болду. КР Экономика министрлигинин өкүлдөрү мыйзамдын мазмунун каршылыгы жоктугун, методикасы дал келбей калгандыгын, андыктан долбоор жөнгө салуу тартибин талдоону (АРВ) кайра иштеп чыгуу керектигин билдиришти.

Жыйын жүрүшүндө депутат М.Сабиров курулуштар улам көл жээгине жакындаган сайын жээктеги табыгый чыпканын ролун аткарган чычырканактар кыйылып кетип жатканына тынчсызданды.

Депутат Тынчтык Конушбаев көлдүн жээгине курулуш куруунун 100 метрден 1000 метрге жылдырса дагы экология сакталбастыгын, экологияга көңүл буруу үчүн саркынды сууларды тазалоо жабдыктарын жаңылап, экологиялык талаптарды катуу коюу зарылдыгын баса белгиледи. Мындан пикирди бир катар депутаттар улап, экономиканы, туризмди ойлосок дал ушул саркынды сууларды тазалоо жабдыктарын жаңылоого басым жасашты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 2 =