Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү демилгеси сунушталууда

Каганат.

Жогорку Кеӊеште жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Юстиция министри Уран Ахмедовдун айтымында, каражаттарын мамлекеттик каттоо мөөнөтүн азыркы 1 айлык мөөнөттөн 10 күнгө чейин кыскартуу сунушталууда. Ошондой эле, аларды каттоодон өткөрүү үчүн талап кылынган документтердин саны кыйла кыскартылмакчы.

Андан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо критерийлери Өкмөт тарабынан аныкталат. Эгерде мамлекеттик органдар аны каттоодон баш тартса, ал маселе сот аркылуу чечиле турганы белгилүү болду.

Талкуу жүрүшүндө Рада Туманбаева баштаган бир катар депутаттар жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо критерийлеринин Өкмөт тарабынан аныкталышын аларды көзөмөлгө алуу аракети катары баалашты. Депутат Махабат Мавлянова бул жерде кандайдыр бир кош стандарттуу мамиле турганын айтты.

Ал эми депутат Мирлан Жеенчороев мыйзам долбоорунда мурдатан келаткан жалпы саясат камтылбай калганын айтып, аны экинчи окуунун режимине кайра кайтаруу зарылдыгын белгиледи. Мындай сунушту Курманкул Зулушев да колдоду.

Добуш берүү жыйынтыгында “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окуунун режимине кайтарылды.

Бөлүшүү:

Пикир

алты + беш =