Спортчуларга берилүүчү стипендиялардын өлчөмү азайды

0

Каганат.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдиргендей, жайкы Олимпиада алдында спортчуларга берилүүчү стипендиялардын өлчөмү азайды.

 Маалым болгондой, 2020-жылкы Токио Оюндарына даярдануучу 12 кыргызстандык ай сайын 500 доллардан алышат.

Салыштыруу үчүн – 2016-жылкы Рио Олимпиадасынын алдында бул сумма 650 долларга барабар болчу.

Жөлөк пулдар быйыл январдан тарта эсептелип, турнирдин башталганына чейин берилет.

Эске салсак, Рио Оюндарында кыргызстандыктар оор атлетика боюнча болгону бир коло медаль багындырып, анда дагы допинг айыптарынан байгеден ажыратылган.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 − беш =