Жазгы витамин жетишсиздигинин алдын алууну айтып беребиз

0

Каганат.

Адатта жаз мезгилинде адам организминде витаминдердин жетишсиздиги мүнөздүү болуп саналат. Биз жазгы авитаминоздун кантип алдын-алуудан мурда витаминдердин өзүлөрү жөнүндө айтып беребиз.

Витамин – латын сөзүнүн vita (өмүр) деген сөзүнөн келип чыккан. Витаминдер тамак-аш азыктарында өтө аз өлчөмдө болушат жана ошон үчүн кичи азык заттарына кирет. Алар организмге аз өлчөмдө талап кылынат жана организм тарабынан иштелип чыкпагандыктан тамак-аш менен гана барышы керек. Азыркы кезде жалпы таанылган 13 витамин бар. Анда эмесе, алардын айрымдарына токтолуп өтөлү.

Витамин А

Ретинолдун функцияларынын эң белгилүүсү көздүн көрүүсүн сактоо менен байланышкан. Мындан тышкары ал тери, былжырлуу оболочка үчүн керек жана иммунитеттин иштелип чыгышына катышат.

А витамини боор, жумуртканын сарысындавитам, сүт жана сүт продукцияларында көп кездешет. А витамининин мурункусу ( провитаминдер) – бул каротиндер. Анын ичинен эң белгилүүсү ….. каротини. Ал сабизде, шпинатта, ашкабакта, абрикосто жана коондо бар.

А витамининин жетишсиздиги эмне үчүн коркунучтуу жана анын жетишсиздиги эмнеге таасирин тийгизет?

Анын жетишсиздиги түнкү сокурлукка (тоокко окшоп), көздүн мүйүз оболочкасын кургатып жана жумшарууга алып келет. Балдардын жакшы көрбөөсүнүн бирден-бир себеби ушул А витамининин жетишсиздиги болуп саналат.

Витамин В1

Бул витамин организмде углеводдук алмашууну нормалдаштырууда жана борбордук нерв системасын энергия менен камсыздоодо борбордук ролду ойнойт.

Тиаминдин булагы тамак-аш азыктарынын ичинен буурчак өсүмдүктөрү, кара нан, боор жана ачыткы болуп саналат.

В1 витамининин бир аз эле жетишсиздиги чарчатып, эс тутумду начарлатып, уйкуну качырып, адамдын тынчын кетишине алып келет. Ал эми көп жетишсиздик болгон учурда авитаминоздун келип чыгышына, нервдин , жүрөктүн иштешинин начарлашына алып келүүчү оорулар пайда болушу мүмкүн. Тиамин жылмаланып тартылбаган дан продуктыларында көп болсо, авитаминоз биринчи кезекте дайыма ак нан, жылмаланып тазаланган күрүчтү пайдаланганда болот. В1 витамининин олуттуу тартыштыгынын себеби өтүшкөн алкоголизм же болбосо оор жумуш, узакка созулган ич өткөк болушу мүмкүн.

Витамин В2

Бул витамин ар кандай алмашуу процесстеринин нормалдашуусуна катышат жана клеткалардын дем алуусу же башкача айтканда клеткаларды кислорд менен камсыздоо үчүн зарыл.

Аны сүт жана сүт продукцияларынан, боор, эт, жашылчалардан жана жылма тартылбаган нан азыктарынан алууга болот.

Бул витаминдин жетишсиздиги жакшы тамактанбоодон, боордун оорусунан жана алкоголду көп пайдалануудан да болушу мүмкүн жана ал ооздун бурчтарынын жарылышын, теринин патологиялык өзгөрүүсүн пайда кылат.

Витамин С  

Аскорбин кислотасы э ң белгилүү витаминдердин бири. Организмдеги бириктирүүчү ткандардын, сөөк ткандарынын, тиштерди жана көп сандаган метаболизм процесстери, мисал үчүн айтсак темирдин абсорбциясы үчүн зарыл. С витамини көк калемпирде, брокколи, капуста, картошка, шиповниктин даны, жа ң ы чыккан жемиштерде көп болот. Бирок кайнатуу, кууруп бышыруу, көпкө сууга салып коюу, кайнагандан кийин сууну төгүү, жылытуу аскорбин кислотасынын бир кыйла жоголушуна алып келет.

С – цинга витамининин жетишсиздигин мүнөздөгөн оору дүйнө жүзүндө кылымдап жаалданып турганы жалпыга белгилүү. Васко де Гама Африканы айланып өтүп, Индияга карай сүзгөн он жарым айга созулган саякат учурунда анын командасындагы 160 адамдын 100ү мээге өзүнөн-өзү кан куюлуп кетүү мүнөздүү болгон цинга симптому менен каза болушкан. С витамининин бир аз эле жетишсиздигине бат чарчоо жана алсыздык, көтөрүмсүздүк, тамакка табиттин жоктугу жана арыктоо мүнөздүү. Оор жумуш жасаганда жана акыл эмгегинде, эти ысыганда, стресстерде, операциядан кийинки учурда организмде С витаминине талап өсөт.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × эки =