
Каганат.
Кыргызстанык Балбан Базар Базаргуруев 9 жылдан соң Олимпиада медалын жана 2 миллион сомдон ашык акчалай сыйлык алды.
Тапшыруу аземи кечээ Бишкекте жыйынтыкталган Азия чемпионатынын жабылышында өттү.
Эске салсак, эл аралык Олимпиада комитети 2017-жылы украиналык Василий Федоришиндин канында допинг табылгандан улам анын ийгиликтерин жокко чыгарган. Буга байланыштуу анын 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында жеңип алган күмүш медалы япониялык спортчуга, ал эми коло медаль Кыргыздын атынан күрөшкөн Базар Базаргуруевге ыйгарылган.
Булак:Каганат.