Мелис Мырзакматов: “СИЗДЕР БАР ҮЧҮН АДАМЗАТ ААЛАМДЫН ЭЭСИ КАТАРЫ ЖАШАП КЕЛЕТ”

Каганат

Жаздын алгачкы майрамы 8-март аялдардын Эл аралык күнү менен “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов жалпы аялзатына ден соолук, аруулук, аманчылык тилеп, куттуктоо жолдоду. 

Урматтуу энелер, эже-карындаштар!
Асылзаада айымдар!

Сиздерди 8-март –Аялдардын эл аралык майрамы менен өзүмдүн жана «Улуттар Биримдиги» саясий партиясынын атынан чын дилимден куттуктайм. Жаздай жаркыраган бул күн дүйнөдөгү эң асыл жан -энелерге, эң назик жан – аялзатына таандык.

Эне!.. Аял!..Бул сөздө ааламдын башталышы, дүйнөнүн жаралышы жатат. Аялзаты бар үчүн тирүүлүк чеги жок узарып, адамзат ааламдын ээси катары жашап келет.

“Аял үйдүн куту” дейт кыргыз. “Аял жакшы эр жакшы” деген ата бабаларабыз. Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, «Бейиш эненин таман астында» дейт элибиз.

Анткени, Аял-эне, Аял- жар, Аял-үйдүн куту, коомдун туткасы! Ошондуктан элибиз эзелтеден бери аялзатын үйдүн куту, очок ээси, жароокер жар, мээримдүү эне, акылыңа-акыл кошкон аруузада, асылкеч деп баалап келген.

Ар бир үй-бүлөнүн бакыты, бакубат жашоосу айымдардын колунда. Анткени, баарыбыз бул дүйнөгө эне мээриминен, анын аалам көтөргүс улуу мээнетинен келгенбиз…

Урматтуу асылзат айымдар!

Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен баардык айымдарды 8-март майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, узун өмүр менен кошо жан дүйнө сулуулугун, табигий ажарды жана аялдык улуу бакытты каалайм. Өчпөс коломто ээси болуп, турмуштун улуу көчүн мындан ары да улай беришиңиздерге чын дилимден тилектешмин.

Майрамыңыздар менен! Бар болуңуздар, асылзат энелер жана асылзаада айымдар! 

Сиздерди терең урматоо менен,

 

“Улуттар Биримдиги”

элдик партиясынын төрагасы         Мелисбек Мырзакматов

Бөлүшүү:

Пикир

3 + үч =