Жазгыга кеңеш: Бетиңиздин түрүнө карап маска коюңуз

0

Каганат.

Учурда жаз мезгили болгондуктан дал ушул мезгилде бет териңизге өтө этияттык менен мамиле кылуу керек. Себеби жаз айында күндүн нурунан бетиңизге сепкил түшүп айымдар үчүн аны кетирүү үчүн бир топ түйшүк жарат эмеспи. Эгерде бетиңиз тунук жылмакай көрүнгөндү кааласаңыз ал үчүн ар кандай маскаларды колдонуу керек экендигин билсеңиз керек.  Баарынан мурда сиз алгач бет териңиздин кандай экендигин аныктап алышыңыз керек.

Анткени туура кам көрүүнүн эң алгачкы кадамы ушундан башталат. Көпчүлүк айымдарыбыз өзүнүн бет терисин кайсы бир түрүнө кирээрин болжолдоп туруп эле ошого жараша бет майларды колдоно баштайт. Аягында эч кандай натыйжа берген жок, тескерисинче бетим бузулуп кетти деген нааразычылыктар пайда болот, бул туура эмес. Айта кетчү нерсе жаш өткөн сайын теринин түзүлүшү да өзгөрөт. Демек, бет териңиздин түрүн аныктоо үчүн алгач бетиңизди таза жууп бир нече саатка косметиканы жолотпостон тим коюңуз.  Андыктан  сиздин бет териңиз төмөнкү түрлөрдүн кайсынысына дал келээрин аныктап алыңыз.

 Жөнөкөй түрү

Эгерде сиз күзгүдөн өзүңүздү карап суктанып эч кандай кемтик таппасаңыз, анда сиздин бет териңиз жөнөкөй түргө кирет. Мындай түрдөгү тери жумшак, жылмакай, бырышы, безеткилери жок болот да, табияттан нуру чачыраган жагымдуу келет. Мындай түрдөгү терилер көбүнчө ден-соолугу чың адамдарда кездешет. Мындай терилер ысык-суукка чыдамдуу келип, түзүлүшү 60% суудан, 30% белоктон жана 10% майдан турат. Бирок, бет терим жөнөкөй түргө кирет деп эле жүрө бербестен, кам көрүү жолдорун билип алганыңыз оң. Анткени, каралбаган теринин түзүлүшү сөзсүз өзгөрүүгө дуушар болот.

Аралаш түрү

Мурдуңуздун айланасында, чекеңизде, ээгиңизде жылтырап май бөлүнүп, көзүңүздүн тегереги, бет териңиз кургап чыкса анда сиздин териңиз аралаш түргө кирет. Мындай түрдөгү териге туура кам көрсө көп убакытка чейин бырыш түшпөй, жакшы сакталат.

Майлуу түрү

Бир караганда эле лимонду же апельсинди элестеткен майда тешикчелери бар, калың, териси жылтырак, чекесинде жайнаган безеткилери болсо анда мындай адамдар бет териси майлуу түргө кирет. Мындай тери адамга маселе жаратат. Анткени, мындай майлуулук зат алмашуусу бузулган, майлуу тамак-аштарды көп колдонгон адамдарда көбүрөөк кездешет. Андыктан бир гана бетке кам көрүү менен чектелбестен ден соолукту да жакшы сактоого аракет кылуу зарыл.

Кургак түрү

Кургак терилүүлөр беттерин күзгүдөн карап туруп, көбүнчө жөнөкөй түрүнө чаташтырып алышат. Натыйжада туура эмес каражаттарды колдонуу бет структурасынын бузулушуна алып келет. Анткени, экөө тең жука, жумшак, жылмакай келет да тунук болот. Бирок, кургак түрдөгү бет терилери тез кургап, түлөп ар кандай тактардын түшүшүнө оңой жол берген жагы да бар. Негизинен көбүнчө жакшы тамактанбагандардын, май бөлүп чыгаруу бездери жабыр тарткандардын терилери ушул топко жакын болот. Эске салсак, мындай түрдөгү беттерге бырыш бат түшөт. Андыктан, териңиздин түрүн так аныкташ керек.

Жазында бет териңизди күндөн коргоо

Эми бетиңиздин кандай түрүнө аныктап алгандан кийин жаз мезгилинде бетиңизди күндөн коргоочу  үй шартында колдонуучу бир нече кеңештерди беребиз.   Жазгы шамал, нымдуу аба, тике тийген күндүн нуру. Мына ушулардын баары териге бир мезгилде таасир этип, анын коргонуу инстинктин күчөтөт. Тагыраак айтканда, теридеги май бездери майды көбүрөөк бөлүп чыгара баштайт. Ал эми кар кетип, кара топурактан чыккан чаң ал майга жабышып, анын тез булганышына алып келет да, алсыз турган тери айласыздан сыйрылып түшүүгө аргасыз болот. Ал эми жаңы тери ого бетер сезимтал болуп, ар кандай аллергия, сезгенүүлөрдү жаратышы ыктымал. Андан тышкары күндүн нурунан коргонуу үчүн териде пигменттик тактар пайда болот. Теринин коргонуусуна жардам берүү үчүн жалпы организмди чыңдоо керек.

Жазгы маcкалар 

Нормалдуу тери үчүн
1аш кашык айран менен 1аш кашык быштакты аралаштырып, бетке жаап коюңуз.

Майлуу тери үчүн
1 жумуртканын агын бөлүп алып, ага сүргүчтөн өткөзүлгөн жарты алманы жана 1 чай кашык лимондун ширесин кошуп, чалып алып маска даярдайбыз.

Кургак тери үчүн
1 жумуртканын сарысына, 2 чай кашык быштак, 1 чай кашык каймак кошуп аралаштырып бетиңизге сүйкөңүз. 

Жогорудагы маскаларды бетке жаап 15 мүнөт кармоо керек. Андан соң алгач жылуу, кийин муздак суу менен жууп салыңыз. Жумасына 1 же 2 ирет кайталап туруу сунушталат.

Алое ширеси- бет терисинин куткаручуусу 

Бет териси сулуу, серпилгич болушу үчүн кадимки алоэ өсүмдүгүнүн ширесинен тамактанар алдында 1чай кашык ичип коюӊуз. Мындай аракет менен организмдеги зат алмашууну жөнгө сала аласыз. Ушул эле алоэ ширесин бетке ботко кылып жапсаӊыз, аз убакыттын ичинде безеткиден куткарып, териӊиз тунук болуп чыга келет.

 

Бөлүшүү:

Пикир

5 × үч =