Мээрим Карыпова, ырчы: “Татыктуу эне, сүйүктүү жубай болуш чыгармачыл адамга өтө оор”

0

Каганат.

Жаздын  келиши баарыбызга жагымдуу маанай тартуулайт эмеспи.  Дал ушул жаздын алгачкы  айларында чыгармачылыкка билек түрө киришип, жаңы дем, жаңы күч менен элге өзүнүн жеке концертин тартуулаганы турган  элибиздин сүйүктүү ырчы кызы  Мээрим Карыпова бүгүн биздин маек төрүбүздүн коногу болмокчу.

–  Жазды  жаңылануунун, чыгармачылык эргүүнүн башатады деп айтышат. Анын сыңары көктөм сизге кандай сезимдерди тартуулап жатат?

–Бул жаз мен үчүн күттүргөн жаз болду окшойт.  Анткени, жаздын алгачкы күндөрүнө утурлай өзүмдүн отчёттук концертимди элге тартуулоо алдында турам.   Мындан 4 жыл мурун абдан толкундануу менен  алгачкы жеке  концертимди берген элем. Ошондон  бери кудайга шүгүр,  репертуарым байып жаңы чыгармаларга толукталды. Буюрса концертимде күйөрмандарым эл алдына алып чыга элек жаңы чыгармаларыма күбө болушат.

Ошондой эле жаз  менен кошо элибиздин көөнүнө толуп, жакшы пикирлер айтылып жаткан “Дарак ыры”  тасмасында өзүмдү актриса катары да сынап көрдүм десем жаңылышпайм. Ал кинотасмадагы ырлардын кээ бирлеринин үнүн коштоп  ырдагандан тышкары аз да болсо роль аткарып өз талантымдын жаңы барагын ачканга да мүмкүнчүлүк болду десем жаңылбайм.

  –Репертурларым жаңы ырлар менен толукталып жатат деп калдыңыз. Айтсаңыз, жаңы чыгармаларды тандоодо көбүнчө эмнеге көңүл бурасыз?

-Эл алдына алып чыга турган ар  бир чыгармама кылдаттык менен аяр мамиле кылганга аракет кылам. Ошондой эле көбүнчө салттуу ырларга басым жасайм. Себеби мени эл дастанчы, салттуу ырчы катары тааныйт. Ошол себептен жеңил- желпи чыгармаларды аткаргандан алысмын.  Анан ырдын сөзүнө, маанисине өтө кылдаттык менен карап, өзгөчө басым кылам.  Качан гана чыгарма бышып,  көңүлүмө толгон кезде гана аткарып чыгам.

 –Өзүңүздү ырчылыктан сырткары башка жактан да сынап көрдүнүз беле? Эгерде сиз ырчы болбогонуңузда кайсы кесипти тандайт элеңиз?

– Мен ырчымын деп олтура берген өзү туура эмес. Өзүмдү буга чейин да ар кайсы тармактан сынап келгем жана мындан кийин дагы  сынай бермекчимин.  Анткени, бул замандын да талабы. Мен көп жылдан бери  мугалим болуп эмгектенип келем. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинде  сабак берип, шакирттерди тарбиялап келе жатам. Буйруса, аларды да  концертимде эл алдына алып чыгам деп тилек кылып турам.  Андан тышкары тасма талаасы да мени өзүнө тартып, бул жатта да өзүмдү сынап көрүү үчүн актриса катары кадам таштай баштадым. Айтоор, айта берсе алдыма койгон аруу, тилек, асыл максаттарым көп. Кызыккан хоббилерим да аз эмес.   Эгерде ырчы болбой калсам, анда милиция кызматкери болмокмун.  Бирок мен ал жолду тандаган жокмун. Себеби,  мен алгач ырчылык кесипти тандап алган элем.

-Чыгармачылык түйшүк, тынбай издөөнү аялдык бакытты сезүүгө тоскоолдук болгон жокбу? Айтайын дегеним аял катары бактылуу боло алдыңызбы?

–Ооба, аял катары мен бактылуумун. Себеби кудайым мага сүйүктүү жар, мээримдүү  эне болуу бактысын берди.  Ылайым жаратканым бул бакыттан мени айрыбасын. Тилегеним үй – бүлөмдүн аманчылыгы, ынтымагы.

–Айымдарга атактуулуктун жүгүн көтөрүү кыйын дешет?

–Ооба татыктуу эне, сүйүктүү жубай болуш чыгармачыл адамга өтө  оор. Мен колдон келген аракетимди жасап, экөөнү тең бирдей алып кеткенге аракет кылып келем. Албетте, кыйынчылык болбой койбойт. Баарынан  мурда аялзаты көтөрүмдүү, сабырдуу болушу керек деп ойлойм.

–Жашоодо кекчилсизби же кечиримдүүсүзбү?

–Жашоодо мен кечиримдүүмүн. Эгер, кекчил болсом үй бүлөдө да чыгармачылыкта да мени башка жол күтүп турмак болуш керек. Аялзаты кечиримдүү болгону эле жакшы деп ойлойм.

–Чыгармачылыктын азабын көп тарттыңызбы же жыргалынбы?

–Чыгармачылык, ырчылык бул менин кесибим. Ар бир нерсенин жакшы жагын гана алган жакшы. Азап тарсаң,  ал нерсе сага тажыйырба болуш керек. Жыргалы болсо андан ырахат алышың  керек дегендей. Менимче,  кыйынчылыкта чөгүп, барчылыкта көтөрүлүп кетпей эл арасында, эл менен бирге болуу керек. 

–Жашооңузда чыныгы дос күтө алдыңызбы?

–Дос деген өтө көп. Бирок, элибизде жакшы сөз бар  “Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт”  деген. Анын сыңары достукка өтө кылдат мамиле кылам.

   –Акыркы жолу кандай  жаңылык угуп кубандыңыз?

–Адамзатынын бул жарык дүйнөгө келгенин өзү эле бакыт эмеспи. Анын сыңары жакын курбум көптөн күткөн балалуу болду. Ошол жаңылыкты угуп абдан кубандым. Өмүрүү  болушсун демекчимин!

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

19 − он үч =