Тарых тактасында: Улуу элдин улутчул уулу болгон…

0

Каганат

Аты-жөнү: Баялы Дыйканбаевич Исакеев

Улуту: Кыргыз

Туулган жана кайтыш болгон жылдары: 1897 – 1938-жылдар

 Кыргыз мамлекетин түзгөндөрдүн бири жана коомдук-саясый ишмер

Туулган жери:   Кочкор өрөөнүндөгү Үкөк деген айылда жарык дүйнөгө келген. 19 жашка келгенде Үркүн башталып, өз эли менен бирге Кытайга качкан. Ал жактан башкалар сыяктуу эле көрбөгөн кордукту көрүп,  кийин жакындары менен мекенге кайтып келген. 1918-жылы бир эле учурда апасы, карындашы, агасы жана бир инисинен ажыраган.

Билими:

 1916-жылы Нарын шаарындагы орус-тузем мектеп-интернатын аяктаган.
1923-жылы Ташкендеги Орто Азия коммунисттик университеттин(САКУ),
1926-жылы Москвадагы ВКП(б) БК нын уездик партия кызматкерлеринин бир жылдык курсун бүтүргөн.

Өмүр жолу: 1917-1920-жылдары  Кумбел Арал жана Орто Токой менчик почта станцияларында иштеген.
1921-1922-жылдары Кочкор участкалык эл сотунун катчысы.
1922-1923-жылдары Нарын уезддик партия комитетинде иштеген.
1924-1925-жылдары Түркстан АССР Лепси жана Каракол уезддик шааркомдорунда иштеген.
1926-1927-жылдары Кыргыз АССР КП округунун бөлүм башчысы.
1927-1928-жылдары “Кызыл Кыргызстан” гезитинин жооптуу редактору болгон.
1928-1929-жылдары ВКП(б) Кыргыз обкомунун катчысы болгон.
1933-1936-жылдары Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы болуп иштеген  

 

Мамлекеттик ишмердиги:

СССР улуттар советине (1931–35), СССР БАКка жана анын Президиумуна (1935–37) мүчө. ВКП(б) БКнын 17-съездинин жана СССР Советинин атайын чакырылган 6-, 7-, 8-съезддеринин делегаты болгон. Баялы Исакеев Кыргыз АССРинин тушунда жана анын макамын бийиктетип, Кыргыз ССРине айландырган учурда уюштуруучулук зор иш-аракет жасаган мамлекеттик ишмерлерден болгон.

Эмгеги унутулбайт:

Кыргызстандын өнөр жайларын   өстүрүүдө, көчмөн калкты отурукташтырууда, жер-суу реформаларын өнүктүрүүдө, маданияттын өсүп-өнүгүшүнө көп эмгек сиңирген. Өзгөчө “Манас” эпосун басмадан басып чыгаруу ишинде да чоң роль ойногон. Алсак, калктын сабаттуулугу 3 пайыздан 60 пайызга жогоруласа, өлкөдө үч Жогорку окуу жайы ачылып, миңден ашык студент билим алган. Ал Өкмөт башчылык кылып турган жылдары Фрунзе, Рыбачье-Торугарт жана Фрунзе-Ош жолдору курулган.

Замандаштары:

Ал кыргыздын чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмерлери Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов жана башка кыргыз элинин алдыӊкы уулдары менен бирге иштешкен. 1937-жылы Бишкеккке келген Николай Бухарин менен да жолуккан.

 Тарыхтагы кара так:

  Ошол кездеги кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү сыяктуу эле Баялы Исакеевге дагы “улутчулдук” деген жалаа жабылган. Буга 1937-жылдын август-сентябрь айында “Правда” гезитине жазылган “Буржуазиялык улутчулдар” жөнүндөгү макала негиз болуп берген. Баялы Исакеев 1937-жылы камакка алынып,   1938-жылдын 5-ноябрында Союздун жогорку сотунун Аскер коллегиясы тарабынан 1933-жылдан бери улуттук, контрреволючиячыл уюмдун “социал-туран партиясынын” жетекчилеринин бири деген жалган жалаа менен айыпталып камалып, ошол эле жылы ак жеринен атууга кеткен.
Ал 1956-жылы СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы тарабынан өлгөндөн кийин 1957-жылы акталып, партиялуулугу калыбына келтирилген.

Үй-бүлөсү

 Баялы Исакеевдин кызы Лариса  кызы атасынан ажырагандан кийин балдар үйүндө тарбияланган. Лариса Исакеева 17 жыл Кыргызстандагы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин директору болуп эмгектенип, өткөн жылы 83 жашында кайтыш болгон.

 Эстеликтери

Бишкектин чордонундагы Тарых музейинин чыгыш ыптасында Баялы Исакеевдин айкели тургузулган. Анын ысымы Кочкор районундагы кыштакка берилген.

Бөлүшүү:

Пикир

4 + он беш =