Вазир жакшы хан жакшы: Өлкөнүн өкмөт башчылары

Каганат

Элибиз “вазир жакшы хан жакшы” деп бекер жеринен айтпаса керек. Өлкө башчысынын ишин илгерилетип, өлкөнүн өнүгүшүнө  өзгөчө салым кошо турган да,  дал ушул өкмөт башчылары десек жаңылышпайбыз. Тактап айтканда Премьер – министр өлкөнүн экинчи бийлиги. 1990 – жылдардан берки жагын эсептеп көрсөк Иордан, Силаев, Матубраимов өңдүү убактылуу аткаруучуларды кошпогондо он бештен ашык премьер – министр бийлик үстүнөн алмашыптыр. Иретин келтирели.

Ал эми Бакиев бийликке келген учурдан бери эң көп иштеген бир жыл, беш ай, он төрт күн кармалган Феликс Кулов менен туура эки жыл эмгегин өтөгөн Игорь Чудиновду айтууга болот.

Ал эми Атамбаевдин убагында эки жылда эки ирет өкмөт башчы болууга жетишкен Атамбаевдин өзү  менен Бабановду эсепке албаганда 1жыл 6 ай иштеп бул кызматта эң көп убакытка кармалган Жантөрө Сатыбалдиев эсептелет экен.

Эми Өзбекстандын премьер – министрлер тизмесине көз салалы.

1. Ислам Абдуганиевич Каримов (13-ноябрь 1990-жыл – 8-январь 1992-жыл)

2. Абдулхашим Муталович Муталов ( 13 – январь1992 -жыл – 21 – декабрь 1995 – жыл)

3. Уткир Тахтамурадович Султанов ( 21 – декабрь 1995-жыл – 11-декабрь 2003 – жыл)

4. Шавкат Мираманович Мирзияев ( 12 -декабрь 2003 – жыл – 13 декабря 2016-жыл)

5. Абдулла Нигматович Арипов (14-декабрь 2016-жылдан баштап азыркы учурга чейин)

 Казакстанда да ушул эле таризде:

1. Терещенко Сергей Александрович 1991 – жылдын 16-ктябрынан 1994 – жылдын 14-октябрына чейин

2. Кажегельдин Акежан Магжанович 1994 – жылдын 14-октябрынан 1997 – жылдын октябрына чейин 

3. Балгимбаев, Нурлан Утепович 1997 – жылдын 10-октябрынан 1999-жылдын 1-октябрына чейин 

4. Токаев Касымжомарт Кемелевич 1999 – жылдан 2002 – жылдын 28-январына чейин 

5. Тасмагамбетов Имангали Нургалиевич 2002 – жылдын 28-январынан 2003 – жылдын 11-июнуна чейин 

6. Ахметов Даниал Кенжетаевич 2003 – жылдын 13-июнунан 2007 -жылдын 8-январына чейин 

7. Масимов Карим Кажимканович 2007 – жылдын 10-январынан ь 2012-жыл

8. Серик Ахметов (24-сентябрь  2012 –жыл – 2 – апрель 2014-жыл)

9. Карим Масимов (2 –апрель 2014 – жыл – 8 – сентябрь 2016-жыл)

10. Бакытжан Сагинтаев 8-сентябрь  2016 –жылдан ушул кезге чейин  

Өзбекстан 1991 – жылдан (!) бери 5 гана өкмөт башчысы менен иштесе, бизде 2005 – жылдан берки эле убакытты эске алганда 15 премьер орун жаңылаган. Бул жүрүштү эмне менен түшүндүрүүгө болот? Же кыргызда премьер – министрликке татыктуу мыкты кадр жок, же кыргыз бийлиги күлүн бир жерге додо кылалбаган туруксуз бийлик.

Ар бир инсан эл эсинде ар кандай кадамдары менен калат. Эл эсинде бир гана пайдаң эмес, зыяның менен да калууга болот. Жогоруда аты аталгандардын кыргыз тарыхында азбы – көппү, жаманбы – жакшыбы кылган -эткени менен жазылып калган айрымдарына көз жүгүртүп көрөлү. 

Насирдин Исанов – кыргыздын тунгуч премьер – министри. Бийлик башында турган он айы адилеттик үчүн күрөшүүнүн, өз элине патриот болуунун мыкты үлгүсүн түзүп берди. Анын киши колдуу болгон өлүмүнүн өзөгүн 90 – жылдарда башталган “алтын ишине” байланыштырышат.

Азыркы “Кумтор оперейтинг компани” ээлеген жердеги алтындарды Союздун учурунда геолог Муса Адышев тапкан экен. Бирок ошол учурда алтынды ачыкка чыгаруу кыргыздардын шыбагасына буйрубай калаарын билген кыраакы адам Кыргызстан качандыр бир эгемен өлкө болоорун сезген көрүнбөйбү, сыр катары сактап коет.

Бирок ал инсандын үмүтү акталбады, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эле биринчи болуп так ошол алтын сатууга кетти. Алтынды канадалыктарга кармата берүүгө премьер – министр Насирдин Исанов каршы чыгат. Документке президент менен катар премьер – министрдин дагы колу керек болгондуктан, “сатуу”, расмий атаганда келишим түзүү иши бир топ кыйынчылыкка кептелет. Анан эле күтүлбөгөн жерден Насирдин Исанов автокырсыктан көз жумат. Аны менен чогуу бараткан Бринштейн менен дагы эки адамда жада калса жаракат да болбой, арткы орундукта Бринштейн менен катар отурган Исанов каза табат.

Жубайы Бүзейне Исанованын айтымында Насирдин Исановдун моюнунда кулагына чейин кеткен так болгон экен. Кол койбогонун башы менен төлөп берген премьер – министрдин ордуна Турсунбек Чынгышев отурду. Анын убагында “Кумтөр” канадалыктарга “белекке” кетти. Албетте, Исановдон соң да бул келишимге каршы чыккандар табылды. 1992 – жылы башчылыгына Дастан Сарыгулов дайындалган “Кыргызалтын” концерни түзүлдү.

Алгач Дастан Сарыгулов анын катышуусуз түзүлгөн канадалык корпорация “Камеко” менен түзүлгөн келишимге каршы экенин билдирип, парламентте сөз сүйлөдү. Бирок эки күндөн соң бул тууралуу ооз ачуудан да жалтайлап калды.

Премьер – министр Турсунбек Чынгышев Сарыгулов келишим менен тааныш болбогондуктан “жөн гана” кызуучулукка алдырып сүйлөп жибергенин айтты. Сарыгуловдун сунушу менен келишимге 50 чакты өзгөртүү киргизгендери менен парламент тынчыбай калды. “Алтын иши” боюнча атайын парламенттик коммисия түзүлүп, төрагалыгына профессор Шергазы Мамбетов дайындалган. Бирок олуттуу эксперттик баалар менен дыкат даярдалган доклады менен бир айдан кийин парламенттин алдында отчет берүүгө чыккан Мамбетовдун микрафону “иштебей” калган.

Анын артынан эле “иштебеген” микрофонду “иштете салган” Аскар Акаев депутаттардын көңүлүн өзүнүн охранасынын курал – жарагына бурду. Акаедин аракети текке кеткен жок, депутаттар “алтын ишин” кийинкиге калтырышты да убакыттан уттурушту. Кийинкиде депутаттар президентти жайына коюуну туура көрүшүп, күчтөрүн колу келишимде турган премьер – министрден чыгарышты. Жыйынтыгында Чынгышев отставкага кетүүгө аргасыз болду. А канадалык компания менен болгон келишим ошол бойдон калды. Турсунбек Чынгышев эгемен өлкөнүн тарыхында элдин энчин башка өлкөгө берүү тууралуу келишимде коюлган колу менен калды. 

“Кыргызстанда жалкоолор менен макоолор гана уурдабайт” деген Турсунбек Чынгышев өкмөт башчылыктан кетип,  Алмамбет Матубраимовдун “бактысы”  жанып бир күн кыргыз өкмөттүн жетектөө бактысына ээ болот. Тактап айтканда  1993 жылдын 13 декабрынан 14 декабрына чейин Матубраимов министрлер кабинетин жетектеди. Анан 1993-жылы альтернативалык негизде Кыргыз Республиканын Премьер-министрлигине А. Жумагулов шайланды. 

 Апас Жумагуловдун бийликке келип калышы да кокусунан эмес. Кыргыз ССРи болуп жүргөн маалдан эле өлкөнүн экинчи башкаруусунда туруп тажрыбайбага мол, иштин көзүн билип калган адам “Кумтөр” сатылып, парламент будуң – чаң түшүп, кылтылдап турган мамлекетке стабилдүүлүктү орнотуп бергенге керек болуп калган. Жумагуловдун өз ишине кылдат мамиле жасаган, кылт эткенди көңүлүнө түйгөн жетекчи экенин ушундан билүүгө болот, жада калса алыскы чакан айылда канча айдоо аянты бар экенин, анын канчоосу иштетилип, канчоосу жөн калганынан бери чогулуштарда айтчу экен.

Бир кездеги өкмөттүн инвестициялар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Касым Исаев бир маегинде: “… Кийин финансы министри К. Нанаев, мамкоминвест гендеректири А. Сарыгулов өкмөт заседаниесинде кароо үчүн 30 млн. долларды башка объектилерге кайра бөлүштүрүү үчүн сунуштарын жиберишиптир. Биз бул сунушту өкмөттүн чечиминин долбооруна киргизип, аны макулдашуу үчүн орунбасарым Х. Халидовду А. Жумагуловго жибердим. Бир топтон кийин Халидов келип:

“Касым Исаевич, Апас Жумагулович 30 млн. долларды кайра бөлүштүрүү жөнүндөгү пунктту эмнеге киргиздиңер деп урушуп жатат. Бул Нанаев менен Сарыгуловдун сунушу десем, премьер-министр биринчи бөлүштүргөндү алар өз чөнтөктөрүнө салышкан, эми экинчи жолу да чөнтөктөрүнө салсын дебатасыңарбы деди” дейт. Ой-ой, премьер-министр ким чөнтөккө канча салганын жакшы билет экен го деп калдык…” деп айткан.

Апас Жумагуловдун бийликте көбүрөөк кармалганынын себеби – өйдө тараптан чийип берген чийинден чыга бербегендиги. Буга мисал инвестицияларды пайдалануу кандайча жүрүп жатканын билүүгө кол алдындагыларга тапшырма берип, бир аз убакыттан кийин өз тапшырмасын өзү уккусу келбей калгандыгы. Сыягы чет элден келген инвестициялар жана экономикалык жардамдар маселесинин учугу каякка барып такалаарын тапшырма бергенден кийин гана кечирээк билип калды көрүнөт. Россиялык сайт “ГазетаСНГнын” жазганына караганда Апас Жумагулов премьер – министр кезинде алкоголдук продукциялар менен тымызын бизнес жүргүзгөн. Бул боюнча ал кездеги Коопсуздук кызматынын төрагасы генерал Бакаев билип калып, анын жашыруун арак заводун таап чыгып, ишти сотко өткөрүп берүүгө камынат. Бирок, аягына чыгарууга үлгүрбөй Бакаев күтүүсүздөн автокырсыкка учурады… 

Анан дагы “Ак Кеме” мейманканасынын курулуш чатагы менен эмерек фабрикасынын түрк бизнесмендерине “тартуу” болуусу да Апас Жумагуловдун премьер – министр катары бийлик жүргүзгөн мезгилине таандык. 

Жумагуловдон кийин кыргыз өкмөттүн башкаруу озийпасы Аскар Акаевдин эңишенимдүү шакирти Кубанычбек Жумалиевге жүктөлгөн. Ал Кыргыз өкмөттүн бир жылча жетектеп, анын демилгеси менен республиканын социалдык-экономикалык турмушун ондоо учун «Аракет» программасы иштелип чыккан. Бирок, “Аракет” программасы кагаз барактарында гана калып бир жылдан соң анын ордуна Ж. Ибраимов шайланып, эки айча иштегенден кийин катуу оорудан каза болгон. 

1999-жылы апрель айынан 2000-жылдын декабрына чейин кыргыз өкмөттүн  А. Муралиев жетектейт. Амангели Муралиев  алтынчы премьер – министр. Кызматта бир жарым жылдай убакыт кармалган. Айтымдарга караганда Муралиевдин ал кездеги Чүй облусунун губернаторунан “аллергиясы” болгон экен. Жыйындарда “ушул турушуң менен сени ким губернатор кылган, аким болгонго да жарабайт элең”, деген “замечаниесин” кайталап турчу дешет. Муралиевди так ушул “фразасы” менен тарыхта калтырса болчудай.

Анткени, кыргыз саясатында кадр тандоо тааныш-билиш менен чечилип, айыл өкмөттүнө жарабагандар аким, губернаторлукка, ал гана эмес министр болгонго үлгүргөн заман келди.  Бирок, тагдыр Муралиевге да өзгөчө “белек” камдап турган экен, Муралиевдин өкмөт башчылыктан кетүүсү так ошол өзү “акимдикке да жарабайсың” деп теңине албаган адамынын кийлигишүүсү менен аягына чыкты…

Курманбек Бакиев кыргыз өкмөттүн жетектеген жетинчи премьер – министр. Ал  үч жыл боюу министрлер кабинетин жетектеген.  Бакиев өкмөт башчылыкка келери менен Аскар Акаевдин тилеги орундалып, Үзөңгү – Кууш премьер – министрдин койгон колунун жардамы менен Кытайга кеткен.  Акаевдин айтканынан чыкпай иштегенге аракеттенгени менен Аксы окуясы анын кызматтын улантышына кедерги болду. Алты адамдын шейит кетиши Бакиевдин отставкасы менен жымсалданды. 

Кийин анын орудуна Николай Танаев келди. Ал 2005 жылдагы жоогазын революциясына чейин үч жылдай бул креслодо отурду. 

(уландысы бар)

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

18 − бир =