Эл эмне дейт: 7- апрель көчөсү “Каракчылар” көчөсү аталып калышы мүмкүн…

Каганат

Шабдан Баатыр көчөсү 7-Апрель көчөсү деп өзөртүлөт. Коомчулук кандай пикирде?

Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири Шабдан Баатыр көчөсү эми 7-Апрель көчөсү деп өзөртүлөт. Бул тууралуу чечим Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан кабыл алынды.  Шабдан Баатыр көчөсүн Чүй проспектисинен тарта борбордун түштүк тарабына чейин “7-Апрель” көчөсү деп атоо сунушталган. Өзгөртүү 2010-жылы 7-апрель күнү болуп өткөн экинчи төңкөрүштүн  сактап калуу максатында жүргүзүлүүдө. Иш чарага бардыгы 120 миң сом сарпталат. Ал эми  мындай чечимге коомчулуктун пикири кандай? 

Жогорку  Кенештин 5-чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев 7-апрель тарыхый датага ээ болушу үчүн Алгач кыргыз элинин элегинен өтүшү керек деген пикирин жашырбайт.

-Мен терс пикирдемин.  7-апрель чыныгы тарыхый датага ээ болуусу үчүн ал жөнөкөй кыргыз элинин элегинен өтүш керек.  Буга көп жылдар кетет! Ошол 7- апрель күнү болгон революция негизги максатына  жеттиби? Бул күн эл үчүн ыйык, майрамдуу дата болууга татыктуубу?  Дагы убакыт бар, го! –деди Осмоналиев

Бул күнү кыргыз бийлиги кан төгүү менен алмашкан. Коомчулукта айрымдар бул күндү төңкөрүш десе, бири революция деп атап келет. Мисалы,  мурдагы вице – премьер министр  Базарбай Мамбетов революциянын бир дагы талаптары аткарылбай жатса, Шабдан Баатыр  көчөсүн  жыйынтык чыкпаган революциянын аты менен алмаштырып жаткан  КСДП партиясына “СДПК  эл алдында  жооп бере алабы” деп суроо салат.  

– “7 Апрель” элдик революциясынын  талаптарынын бир дагы аткарылбай жатса кантип  Шабдан Баатыр  көчөсүн  жыйынтык чыкпаган революциянын аты менен алмаштырышат экен?  КСДП партиясы элдин алдында жооп бергендин ордуна, дайыма ушундай нерселерди ойлоп чыгара беришет.  Эгерде  7 -апрель күнү КСДП партиясы элди чогултууга аракет кылса, эл кайра көтөрүлүп  “Силер 8 жылдан бери эмне кылып жүрдүнөр” –  деп революциянын талаптары аткардыңарбы ж деген суроону кабыргасынан коюшу мүмкүн.  Мындай суроолорго СДПК  эл алдында  жооп бере алабы?

“Трибуна” гезитинин башкы редактору   Ырысбек Өмүрзаков “7- апрель көчөсү “Каракчылар” көчөсү аталып калышы мүмкүн” дейт. Белгилүү журналисттин айтымында  эл эмес, үй-бүлөсү да тажап бүткөн “7-апрель баатырларын” эмес, унутта калып бараткан  Советтер Союзунун баатырларын эстөө алда канча татыктуу болмок.

– 7 – апрель  2010-жылы кан кечип келген бийлик үчүн, орусча айткандай,  “протокольная дата” деп коёт. Жер жерлерде 7- апрелдин баатырымын деп “Кудайдан жөө качкандар” элди эле эмес  үй-бүлөөлөрүн да тажатышты.  Кечээ жакында эле №2 поликлиникага барсам, “Апрель баатырлары кезексиз кабыл алынат”, – деген жазуу бар экен. Көз доктурга ар дайым киши көп, анткени ошол 2 кабаттагы кабинетке баласы да, чоң кишиси да барып көрүнүшөт.   Өткөндө “баатыр” ошол  көз доктурга баласы менен келиптир.  Жупуну кийинген адам экени көрүнүп турат:

“Мен 7-апрель баатырымын, эл үчүн кан төктүм…”, деп бакыра баштаса болобу. Эл коркуп калат деп ойлосо керек. Бирок,  үч жаш жигит аны чыркыратып шилисинен кармап эшке сүйрөп чыгышты. Келген милийсалар, “Ушулар тажатты”, деп, “баатырды” адам ордуна көрбөй, андан жийиркенгендей мамиле кылып кетип калышты.   Мен  алардын көбүн баатыр катары көрбөйм. 

 Мына азыр  Советтер союзунун баатырларынын ысымдары унутула баштады. Мисалы Ат-Башылык, Дайыр Асанов менен айылдаш Чортеков деген бар эле, ал Советтер Союзунун баатыры, жана Даңк ордендерини ээси. Алар тууралуу бир да  сөз жок. Алар Советтер Союзунун баатырлары эле.

  7- апрель көчөсү Каракчылар көчөсү аталып калышы мүмкүн. Илгери Донецкий деп эч бир шаардыктар тааныбайт эле. Аны “Трипперштрассе” десе баары билишчү.

Ал эми коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева Шабдан баатыр көчөсүнүн атын алмаштырганга караганда  христиан көрүстөнүндөй болгон плитканы алып, каза болгон адамдардын аттарын айкелдин ак ташына чегип коюуну сунуштайт.

– Мен буга абдан каршымын.   Форумдун жанындагы көчөнүн бир бөлүгүн жана да “форум 7го апреля” десе колдойт элем.  Андан көрө  Ак үйдүн эшигинде илинген христиан көрүстөнүндөй болуп   балдардын аты бар капкара плитканы алып салып, эстеликтин ак ташына тамга менен аттарын чегип койсок ата энелери жакындары жана да  арбактары ыраазы болмок. Ошондой эле 24-мартта да шейит кеткендер болгон.

Ак менен кара аты жок эстеликти эч ким түшүнө албайт . Эгерде аттары жазылып кичине маалымат тактайчасы болсо абдан сонун болмок.  7-апрель форумдан башталган эң биринчи курман болгондордун каны ошол жерден төгүлгөн жана эл ошондуктан кыска мөөнөттө топтолуп көтөрүлүшкө кеткен. Бул элдин  балдардын каны агып жатканына чыдабай кеткендиги себеп болгон. Кыска мөөнөттө ар тараптан 40миңдин тегерегинде кол чогулуп ак үйдү көздөй жүрүш башталган. Ошондуктан Форумдун  атын өзгөртүүгө берип, керек болсо  түштүк магистралынын бир  кесилишин  атасак деле болмок.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

17 − 10 =